Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 334

Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси менен камакка алынганы маалым болду. Коомчулук бул кабарды "атайын жасалган иш катары" кабыл алууда. Саясатчы Бектур Асанов бул тууралуу:

"Мен борбордон алыс жүрдүм эле. Угуп алып шок болдум. Чынында Нургазы туура жүргөн жаман иштерге аралашпаган жигит эле. Пара талап кылгыдай ага көп нерсенин кереги жок эле. Эмнеге мындай жагдайга кептелгенин түшүнбөй турам. Мүмкүн интриганын кесепетинен ушундай болгондур.  Эмнеси болсо да мыйзам баарына бирдей. Тергөө так ачык жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле сот да ачык болушу керек. Ошондо эл ишенгендей болот. Эптеп эле камап, эл арасында жакындарын жазалап жатат деген сөзү үчүн иш кылышса, бийликтен да ишенич кете берет. Бийлик  анын кылмышы андай деле оор кылмыш эмес экенин жана жаш балдарын эске алып,  үй камагына чыгарып, тергей берсе да болот эле",- деди.