Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси менен камакка алынганы маалым болду. Коомчулук бул кабарды "атайын жасалган иш катары" кабыл алууда. "Ак Калпак" саясий партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев "эки дөө чабышса, ортосунда чымын өлөт" дейт.
-Мага Нургазы Анаркуловдун кармалганында кандайдыр бир саясий боёк бардай сезилди. Эки дөө чабышса ортосунда чымын өлөт дегендей Нургазы да саясий интригалардын курмандыгы болуп жатат. Бул иш атайын эле жасалган. Муну атайылап эле уюштурушкан. Эмнеси болсо да, Кудайдын көзү түз болсун.