Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси менен камакка алынганы маалым болду. Коомчулук бул кабарды "атайын жасалган иш катары" кабыл алууда. Турсунбек Акун "баарын акыйкат тергөө көрсөтөт" дейт.
"Мындай учурда бир нерсе деп айтыш кыйын. Аябай өкүнүчтүү иш болду. Асмандан күн күркүрөгөндөй эле күтүүсүз иш болуп кетти. Жанында турбагандан кийин бирдеме деп айтыш да мага оор болуп жатат. Бардыгын акыйкат тергөө көрсөтөт.
Нургазынын иши ак болсо, сотто эле баары аныкталып, күнөөсү жокко чыгарылат. Ал күнөөлүүбү же жокпу тиешелүү органдар аныктайт. Бирок ал өз жанынан акча коротуп, канчалык оор болсо да "Майдан. kg" гезитин көп жылдардан бери үзгүлтүксүз чыгарып, карапайым адамдардын үнүн угузуп, чындыктын камчысын чаап келгенин унутпашыбыз керек. Ошондой эле бир жактуу эле күнөөлөп жатып калбай, тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү. Бул бүгүн эле болгон окуя экен. Ошондуктан окуяны шаштырбай, иштин чоо-жайын билип алганыбыз оң", - деди Турсунбек Акун.