Өткөн жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы баарына белгилүү. Акыркы убакта коомчулукта, ошол шайлоого катышып, бирок уткан же утулганын билбей калган партиялар тарабынан чыгарылган "5 миллион күрөө сумма кайтарылабы?" деген талкуу болууда. \

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев күрөө кайтарылбашы керек деп эсептейт. 

"Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо ар бир партия күрөөгө 5 млн сомдон коюшкан эле. Шайлоо өттү, бирок жыйынтыгы жокко чыгарылды...

Эми, ошол 5 млн сомдор кайтарылабы же жокпу деген суроо талкуулана башталды..

Менимче, закондо жазылгандай 5% ке жетпегендерге кайтарылбаш керек! Ал эми жеңген 3 партияга да кайтарбаш керек, себеби ошол партиялардын аракеттеринин арты менен шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү, ошол партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандын негизги күнөөкөрлөрү... Мамлекет болсо ал шайлоону өткөзүү боюнча жүз миллиондогон сомду коротуп, акыры жөн эле асманга сапырып койдук да...

Менимче, бир да партияга ошол күрөөнү кайрып бербей койсо, ошондо мыйзамдуу да, калыс да болоор эле...", - деди ал.