Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады.
Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.
“Боордош элдерибиздин ортосундагы тыгыз достук байланыштар менен бекемделген мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенимди билдирем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Режеп Тайип Эрдоган өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын айтып, дос мамиледеги кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалаган.