Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан билдиришти.
ТМККнын Башкы катчысынын куттуктоосунда Садыр Жапаров менен тез арада жолугушуп, анда биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулоого үмүт артканы билдирилет.
«Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү болгон кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү, тынчтыкты жана бакубатчылыкты каалайм. Ошондой эле, түрк мамлекеттери менен салттуу мамилелер мындан ары дагы бекемделет деп ишенимдемин”, - деп белгиленет Багдад Амреевдин телеграммасында.