Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 129

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

“Сиздин мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз орус-кыргыз байланыштарынын бардык тармагын мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт деп ишенемин. Бул, албетте, биздин дос мамиледеги элдерибиздин башкы кызыкчылыктарына жооп берип, Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого шайкеш келет», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.