Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 11-январда, телефон аркылуу сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу алдын ала жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Казакстан башчысы президенттик шайлоонун жыйынтыгы Садыр Жапаровдун Кыргызстан элинин чоң ишенимине ээ экендигин көрсөткөнүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкенден кийин Казакстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, чет өлкөгө болгон иш сапарларынын биринде Мамлекет башчысы катары Казакстанга чакырууну кабыл алды. 

Өз кезегинде ал дагы Касым-Жомарт Токаевди Казакстанда парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.