Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 479

Жеңишке жетпегенин моюнга алып, элге болгон сый -урматын ордуна койгула!

Жарышка чыккан да чоң эрдик. Чоң сабак алдыңар. Тажрыйба чогулттуңар. Кайсы бир деңгээлде өзүңөрдү элдин элегине салып сынап көрдүңөр. Үмүтсүз шайтан деген. Жакшылыка үмүт кылганыңар,эртеңки күндөн үмүтүңөрдүн бардыгы. Колубуз куру эмес экен. Кызмат табылат. Ариет намыс, жакшы атка конуу чоң түйшүк. Ар бириңдин өзүңө жараша ордуң бар экендигин эл көрүп турат. Жакшы тилектериңер иш жүзүнө ашуу үчүн ниетти туура кылып, жеңишке жеткен талапкерге ар тараптан колдоо көрсөткөнүңөр жакшы саамалык болот. Ошондо жигитче мамиле болот.

Элдин тынчтыгын,биримдигин,ынтымакчылыгын биринчи орунга коюууну өзүңөрдүн жигиттик парзыңар деп билгиле! Жашоо муну менен токтоп калбайт. Жашоо алдыда буюрса. Шайлоону кызытып,түрдүү жолдор менен,ички ой пикирлериңерди ачык айтып алганыңар,чоң жетишкендик. Бул тарых. Тарых барактарына жазылып калдыңар. Кудайым силерге ынсап,ыйман берип,ден соолукта болуп,эл үчүн жасап келген кызматыңарды улантып,дагы көптөгөн тажрыйба чогултуп, такшала бергиле азаматтар. Анткени бир гана Ата Журтубуз, мекенибиз, мамлекетибиз бар. Өлкөбүздүн келечеги үчүн салым кошкула.

Кудай буюрса, такшалып, бышып-жетилген күнү Кудайым өзү бешенеңерге жазган болсо, Кудайдын буйругу, элдин колдоосу менен Президенттик такты бир күн мезгили келип, силерге да буюруп, насип кылат. Элди ынтымакка, тынчтыкка чакырып, жигиттик, мырзалык парзыңарды аткаруу маанилүү болуп турат.

Мындан аркы ишиңерде биримдик,ынтымакчылык болсун. Элге тынчтыкты камсыз кылып,өз программаңардагы жакшы сунуштарыңарды биргелешип аткарууга салым кошкула азаматтар! Эл чарчады. Өлкө кыйналып,сыркоолоп турат. Алдыга жылалы!

Кудайым баарыбызга ынсап,ыйман берсин. Пейилди оңдоп,ниетти түздөп,тооба келтирип,көрсөткөнүнө шүгүр келтирели. Элдин өз эрки менен тандоосун, сыйлагыла.

Надира Нарматова, экс-депутат