Биринчилерден болуп куттуктоо кебин депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Шайлоолор - бул дайыма муздак жарандык согуш. Тарапташтар да, каршылаштар да бар. Бирок шайлоодон кийин биз баарыбыз бир позициядабыз. Ыза-таарынычтарды унутуп, алдыга жылууну сунуштайм.
Садыр Жапаровду Президенттикке шайланышы менен куттуктайм жана өлкө жашоосун жакшыртуусуна тилектешмин. Биз эми бардык маселеде сизге кайрылабыз. Конституция кабыл алына элек болсо да, референдум менен сиз өзүңүзгө чоң жүктү артып алдыңыз. Башкысы, ийиниңиз ушундай жүк көтөрүүгө бекем болсун", - деп жазды.