Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоо таза өттү.

Мурунку президенттик шайлоодо болуп көрбөгөндөй бурмалоо болгон. Ал учурда эл Өмүрбек Бабановду шайлаган. Бирок  Атамбаев шайлоого эки күн калганда КТРК аркылуу эртеден кечке чейин Бабановду жамандап туруп алган. Таза эмес шайлоонун жыйынтыгын өзү көрүп жатат!

Садыр Жапаров таза шайлоо менен өттү! Бирок, Садыр мырза ар бириңерге көмүр түшүрүп бербейт, ар бирибиз өз алдыбызча оокат кылалы.

Ар бир үй бүлөө ишкер болуп, өз алдынча тың жашап кетсе анда мамлекет өнүгөт..

Садыр мырзанын биринчи жумушу коррупция менен күрөшүү. Бул багытта эч кандай иш жүрө элек..

Элдин көпчүлүгү жаңы жүздөрдү көргүсү келет, жаңы,таза адамдар менен иш алып баруу..

Жаңы президент ар дайым соц тармактарга чыгып турушу керек, инстаграм, Фейсбук аркылуу элге маалыматты өзү берсе болот.

Ашыкча мактабай сындап туралы...

Мирбек Осмонов