3-январда Бишкекте өздөрүн “мыйзамдуулук үчүн” күрөшүүгө чыккандай сезгендердин жөө жүрүшү болуп өттү. Уюштуруучулар конституциялык реформага каршылыгын билдиришип, парламенттик башкаруу формасын калтыруу талабын коюшту. Коомчулукта жөө жүрүш тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн уюштурулганы айтылууда. “Мыйзамдуулук үчүн” жөө жүрүшкө чыккандар өлкө тагдырына күйгөндөрбү же каршы иш кылгандарбы?
-“Ханституцияга” каршыбыз деген митингдин аркасында саясий чайкоочулук менен бүтүн кыргыз элин алдап, өзүм билемдикке салган саясатчылар турат. Тагыраагы, 2010-жылкы Конституцияны жазгандар жана колдогондор партиялык система аркылуу, бийликти өздөрү узурпациялап "Ханституциядан" да аша чаап, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн талкалаган замбирекке айланган. Бул топтор кыргыз улутунун 95 %ын мамлекеттик башкарууга жолотпой коюшту. Кыргызстандын ырыстуу жерлеринин, майлуу-сүттүү кызматтарынын баарын 5% партиянын мүчөсү басып алып, каалагандай майкандашты. Бирок кыргыз эли 30 жылдан бери мамлекетибизди келемиштер жеп, чөөлөр тытып, жорулар жутуп бүтө турганын түшүндү. Ошон үчүн референдумда өзүбүз каалаган башкарууну тандайбыз деп турушат.
Чынында митинг уюштуруп жаткандар президенттик башкарууга каршы эмес, алар 30 жылда түптөлүп калган мамлекеттик саясий түзүлүштү сактап калабыз деп жандалбастап жатышат. Алардын артында тышкы күчтөр жана эл аралык ири коррупциялык схемалар турат. Кыргыздар Кыргызстандын экономикасын эл аралык каржы институттар, эл аралык саясий коррупционерлер, алардын артында турган трансулуттук корпорациялар башкарып калганын түшүнүп калышып, башкаруунун башка түрүн тандоону туура көрүшүүдө. Бирок Кыргызстанды башкарып көнүп калган уюмдар баштагыдай таасирин колдон чыгарбаш үчүн кыргыздарга, кыргыз жерине каршы саясатты батыштын таламын талашкан саясатчылар аркылуу жүргүзүп жатышат. Ошол үчүн, жалпы калк, элибизге, жерибизге иштей турган эл уулдарын коргоп алышы керек.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: «Майдан. kg» гезити