3-январда Бишкекте өздөрүн “мыйзамдуулук үчүн” күрөшүүгө чыккандай сезгендердин жөө жүрүшү болуп өттү. Уюштуруучулар конституциялык реформага каршылыгын билдиришип, парламенттик башкаруу формасын калтыруу талабын коюшту.  Коомчулукта жөө жүрүш тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн уюштурулганы айтылууда. “Мыйзамдуулук үчүн” жөө жүрүшкө чыккандар өлкө тагдырына күйгөндөрбү же каршы иш кылгандарбы?

-Эгерде ошончолук эле жаңы Конституцияга каршы болушса, анда шайлоого катышуудан баш тартышып, саясий принципке бекем турушса болмок.  Өздөрү  азыркы саясий эрежеге макул болуп, президенттик шайлоого аттанышты.  Эми  аттанышкандан кийин аягына чейин турушса болмок. Тилекке каршы, президенттикке аттанган азаматтар  ачык утулуп жаткандарын сезишип, саясий шантажка өтүп,  элди ич ара тирешүүлөргө түртүп жатышат. Бул  туура эмес.

Булак: «Майдан. kg» гезити