3-январда Бишкекте өздөрүн “мыйзамдуулук үчүн” күрөшүүгө чыккандай сезгендердин жөө жүрүшү болуп өттү. Уюштуруучулар конституциялык реформага каршылыгын билдиришип, парламенттик башкаруу формасын калтыруу талабын коюшту. Коомчулукта жөө жүрүш тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн уюштурулганы айтылууда. “Мыйзамдуулук үчүн” жөө жүрүшкө чыккандар өлкө тагдырына күйгөндөрбү же каршы иш кылгандарбы?
-Референдум менен “Ханституцияга” каршыбыз деген митингдердин артында Америка менен батыштын саясатын колдогон күчтөр, саясатчылар турат. Тагыраагы, Отунбаева, Текебаев, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова. Аларды президенттикке талапкер болгон Каныбек Иманалиев менен Канат Исаев, Адахан Мадумаров коштоп жатат. Чынында минтип чыгышпай деле койсо болмок. Анткени, парламенттик башкаруу делип кагазда жазылганы менен чын чынында Кыргызстанды хандар эле башкарып келбеди беле. Же жалганбы? Кыскасы, алар коргоп жаткан Текебаевдин Конституциясы жоопкерчиликти жоготуп, бири-бирине шылтаганды күчөтүп, миллиарддардын уурдалышына шарт түзбөдү беле. Эми президент болгусу келген азаматтар да тышкы күчтөрдүн куралына айланып, мамлекетибизге пайдасынан зыяны көп башкарууну колдоп сүйлөп жатышат. Ушул кантип болсун.
Булак: «Майдан. kg» гезити