3-январда Бишкекте өздөрүн “мыйзамдуулук үчүн” күрөшүүгө чыккандай сезгендердин жөө жүрүшү болуп өттү. Уюштуруучулар конституциялык реформага каршылыгын билдиришип, парламенттик башкаруу формасын калтыруу талабын коюшту.  Коомчулукта жөө жүрүш тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн уюштурулганы айтылууда. “Мыйзамдуулук үчүн” жөө жүрүшкө чыккандар өлкө тагдырына күйгөндөрбү же каршы иш кылгандарбы?

-Чынында  “Ханституция”  2010-жылы орногон. Андан бери үч  ХАН кетти.  “Ханституцияга” каршыбыз деп чыгышканы бул жөн эле шылтоо. Тагыраагы,  батыштан грант алып, кыргыздын башын айлантып жүргөндөр  бийликке каршы чыгып жатабыз деп митингдер  менен батыштын акчасына отчёт берип жатышат. Булардын артында батыш, батышчыл саясатчылар жана НПОлор турат.

Ошон үчүн жаңы Конституцияга эле эмес, референдум аркылуу башкаруунун түрүн тандаганыбызга дагы каршы чыгып жатышат. Алар чындап эле президенттик башкарууга каршы болсо, Атамбаев, Жээнбековдун тушунда эмне кары чыгышкан  жок. Азыркы талабы менен ошондо чыгышса жарашмак.

Булар 2010-жылдагыдай 14 эле киши, НПОлор, партиялар эле “диктовать” этсин, эл өз тагдырын өзү чечпесин деп  жатышат. Анткени, булар элдин эсебинен байып, элди  митинг, пикетке алып чыкканды бизнес кылып алышкан. Батыштын ырын ырдап, элди бузуп көнүп калышкан.

Булак: «Майдан. kg» гезити