"Урматтуу Достор дебат тууралуу кыскача оюм менен бөлүшүүнүү туура көрдүм!

Акыркы учурларда дебат тууралуу ар кандай ой-пикирлер коомубузда айтылып жүрөт. Мен акыркы Жогорку Кеңештин шайлоосундагы дебаттардын активдүү катышуучусу катары ой пикиримди бөлүшүүнү туура көрдүм.

Биздин дебаттар менимче, мектеп окуучуларынын суроо жооп форматы, жана эч кандай талкууга мүмкүнчүлүксүз болду. Албетте күнөөлүүнү издебейм, болгону кантип мамлекетти реформалоо, жаңылануу, жакшыртуу тууралуу ой-пикириңди 10-15 минутада сунуштай аласың? Болгондо дагы формат ар бир теманды үзүп – үзүп толук да айтууга мүмкүн эмес.

Макул, эгерде ушул берилген убакыттар дагы максаттуу колдонулсачы?! Ажыкыстанып, чукушуп, отуруп убакыт кетет. Дебаттын катышуучуларынын, дебат маданиятынын дагы да чийки экенин коом даана корду. Акырында шайлоочулар мамлекетти өзгөртө турган, өлкөнү башкара тургандардын пикир, ой талашуусу эмес, бирин-бири кантип чукуйт экенин күтүп отуруп калышты.

Айла жок анан ким катуураак кыйкырып, ар кандай популисттик чакырыктарды жасагандардын «эркек», «бетке айтты», «жарып салды», «оозду ачты» деген аталыштагы макала, видеороликтерине күбө болуп отуруп калдык. Бизде дебат канчалык деңгээлде дебат өткөрүү талаптарын туура келет? Деги эле шайлоочулар дебаттын негизги максаты менен таанышпы?

Программалык, ой-пикирлердин атандашуусу эмес, жеке адамдардын, майда – чүйдө хайптардын талкуусуна айланганы мени мындан ары мындай форматтагы дебаттарга катышууга көңүлүмдү калтырган. Кана кайсыл дебат катышуучусу, өз позициясын бекемдеп, опоненттердин позициясын, сунушун жокко чыгарды? Болгону чукушмай, сен тигил мен бул болду!

Аягында бул жаман добуш бербе, мен жакшы деген жыйынтык. Бирок эмнең менен жакшы кандай сунушун, программаң аны аткаруу механизми, аткаруу убактысы, каржы булактары тууралуу кеп дагы жок. Ошондуктан канчалык дебаттарды өткөрүүгө уюштуруучулар, катышуучулар жана угуу-көрүүчүлөр дайын?" - деп жазды соцтармактагы баракчасына психолог Алмаз Раимбеков.