“Тынчы жок өлкө” синдрому

Кыргыз коомундагы акыркы окуялар жалпы эле дүйнөлүк саясатчылардын, эксперттердин, массалык маалымат каражатарынын көңүл чордонун  бурду. Борбор Азиядагы бул ар беш жылда бийлиги алмашкан, ар беш жылда саясий толкундар арбып, өлкөдөгү төңкөрүштөрдүн болуп турганы эч бир саясий жоромолдун да рамкасына сыйбай,  байма-бай бийлик кулаткан бул  “тынчы жок өлкөнүн” синдрому эзелтен кебелбес, монолиттей саясатты карманып келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн чок ортосунда болуп жаткандыгы да өзгөчө саясий фонду жаратып турат.

Акыркы отуз жыл аралыгында бул “бунтарь” өлкөнүн саясий имиджи да чет элдик эксперттер тарабынан ар кандай мүнөздөлүп келди. Ага абай салып карай турган болсок, Кыргызстан “демократиялык аралчадан” -  коррупцияга желкесинен баткан өлкө катары мүнөздөлүп, узурпаторлордун  бийлик чеңгээлинде  калган, чет элдик дем берүүчү каражаттар эсебинен гана күн көрүп, сырткы жана ички карызы арифметикалык прогрессия менен өсүп жаткан мамлекет катары тыш дүйнөгө таанылды.

Ошол эле учурда “бу уникалдуу” мамлекет демократиялык баалуулуктардын Борбор Азиядагы “форпосту”  катары сыпатталып, башкача айтканда, башкаруу чөйрөсү көп жылдардан бери бир адамдын колунан топтолгон коңшу өлкөлөрдөн айрмаланып, сөз эркиндиги алда канча “комфорттуу” сезилген, сөз эркиндиги бар,  саясий процесстер  дайыма кыймылда болуп, демократиялык иниституттар кадимкидей иштеп, аракеттенип келген. Ал эми  өлкөнүн  карама-каршылыгы,  саясий чалкештиги экономика менен саясаттын теңсалмаксыздыгынан  ачык көрүнөт.

Чыгышка таандык  менталитети, култ-мүнөзү, салт-санаасы,  улуттук көрөңгөсү жагынан коңшуларынан эч кандай айырмаланбаган бул өлкөнүн дагы бир уникалдуулугу – ал анын дайыма процессте, күжүлдөгөн саясий ритмдин алкагында жүргөнү. Албетте, коом менен өлкөнүн, адам менен мамлекеттин, саясат менен реалдуулуктун ортосундагы ажырым таптакыр башка экендиги талашсыз. Кыргызстандын негизги саясий ассимтериясы ушунда жатпайбы?.. Акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш, эки жолу кандуу окуялар болуп өттү.

 

“Троян аты”  же  системадагы “фарс”

30 жыл аралыгындагы бул окуялардын себеби эмнеде, анын маңызы, түпкүлүгү кайда жатат? Кедейликтеби, жакырчылыктабы, бийликтеби же башкаруу чөйрөсүндөбү?  Кыргыз эгемен тарыхы өлкөнү башкаруу системасынын бардык түрлөрүн кыска убакыт аралыгында басып өттү. Президенттик, президенттик-парламенттик, ал гана эмес аты – затына кыл келбеген парламенттик системаны да чала чарпыт көрүп калды. Бирок  бул система эң башкысы өлкөгө эмне алып  келди? Кыргыз бийлигинин “троян аты” эмнени каңкуулайт?.. Өлкөдө кандай өзгөрүү, саясий-экономикалык реформалар, мезгилдин талабына, элдин талабына жооп берген  ага топ келген иштер жүрдүбү?.. Суроо артынан суроо жаралат.

Бул суроого салыштырмалуу гана жооп издөөгө болор эле. Акевдик, бакиевдик, отунбаевалык, атамбаевдик, жээнбековдук бийлик өлкөнү эмнеге алып келип такады? Эгерде, карандай фактынын тили менен айтсак, өлкөдө саясий реформаларга, эч качан турмушка ашпаган стратегияларга, экономикалык амбицияларга болгон имитация гана жасалып келди. 30 жылдык тарых, эч бир эл бийлеген журт башыларына саясий сабак да, саясий акыл-эс да берген жок. Тарых  кайталанды, болгондо да  фарс түрүндө.

Дүйнөлүк эксперттер баамдагандай,  бу чакан өлкөдө коррупциянын бардык түрлөрү гүлдөп өстү. Тышкы карыз апогейине жетти. Жылдык дүң жыйым ар бир адам башына 200 долларга жетпеген өлкөдө коррупциянын “махровый” түс менен өнүгүшү өлкөнү экономикалык коллапска, бүтүндөй бир стагнацияга алып келди. 2020-жылдын акыркы маалыматы боюнча өлкөнүн тышкы жана ички  карыз (үстүбүздөгү жылга карата)  өлчөмү $4 млрд 824,01 млн.АКШ долларына жетти, башкача айтканда,  улуттук валютага которгондо, ал 370 млрд  268, 71 млн сомду чапчыйт. Бул одоно салыштыруу чыгар, бирок  жылдык дүң жыйым ар бир адам башына 200 долларды түзсө, ошол эле учурда  өлкөнүн тышкы карызы адам башына 700 долларды чапчып отрубайбы?..

 

“Сынык тепши”...саясий чалмакей

Кыргызстан азыркы дүйнөлүк процесстердин фонунда кыйын кезеңге келип такалды... Кыргызстандагы ар кошкон саясий күчтөр, ар кайсы саясий багытты тутунган  демократтар, социалисттер, либералдар, ультра улутчулдар, диний агымдар, оппозиция менен позиция өлкөнүн мамлекеттик, элдик кызыкчылыгын ойлобостон, өздөрүнүн саясий чалмакейин, амбициясын, саясий “аппетитин” мамлекеттен  жогору койгондугунан улам өлкө бүгүн “сынык тепшиде” отурат.

Мындай системдүү кризистин негизги кемчиликтерин моюнга алуунун учуру келди. Эң башкы маселе эл эки ажырымга бөлүндү: жакыр жана бай. Бул диллема өлкөнүн байлыгы бир ууч адамдардын колунда топтолуп, ошол эле учурда  алар саясий жана финансылык ресурсту көзөмөлдөп, акыркы 30 жылда кыргыздын өзгөчөлөнгөн “кастасы”, башкача айтканда, саясий элита катары өздөрүн сыпаттап келет. Алар улуттук саясаттын сахнасында отуз жылдан бери кетпей, тегермендин чарыгын айлантып отурат. Өнүгүү догмага айланды. Ошо эле учурда системалуу сенектик  доорунда кайсы бир топтор өзүнүн саясий да, финансылык кызыкчылыгын канаатандырып,  анын эсебинен  “чотур”  алып,  өлкөнү ушул акыбалга алып келди. Бу күчтөр бийликти “кынга салып”, өлкөнүн “аба ырайын” аныктаган  “саясий элитага”  айланды. 

 

Уурдалган жеңиш,  өчкөн  ишеним... “жети кит”

Кыргызстанда үч жолу элдик толкундоолор болуп, бийлик алмашты. Эл саясий элитага  каршы чыгып, алардын “анти элдик саясатына” макул эместигин билдирип көтөрүлгөнү менен, тилекке каршы элдик жеңиш, 2005-жылы, 2010-жылы  баягы эле “саясий оюнчулар” тарабынан уурдалды. Бул айныксыз чындыкка айланганын учур көрсөтүп турат.

Эгемен мезгилден тартып азыркы күнгө дейре, башкача айтканда, кыргыз коому өлкөнүн саясий турмушундагы, тагдырындагы бардык кубулуштар “жети киттин” үстүндө чийеленишип келди.

Ал “жети кит” деп образдуу айтканыбыз менен, мына ушул жети маселе Чубактын кунудай чубалып, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз коомунун саясий эпицентрине айланды. Өлкөдөгү эң эле олуттуу маселердин системасы келип ушул айланпага байланып келет. Ал:  1) Бийлик жана сот;  2) Баш мыйзам;  3)  Кумтөр;  4) Коррупция; 5) Чек ара;  6) Башкаруу узурпациясы; 7) Экономикалык стагнация жана тышкы карыздар.  Мына ушул жети жүйөө кыргыз мамлекетинин көйкөйүнө жетип олтурат. Ошол эле учурда элдин аң-сезими, психологиясы, көз карашы бу процесстерге альтернатива катары жүрүп келаткандыгы да кыргыз демократиясынын уникалдуу кыртышынан кабар берет.

Акыркы элдик “протест”  буга чейинки карама-каршылыктардан айрымаланып чыныгы элдик мүнөзгө айланды.  Кыргыз саясатынын динозавры Текебаев бу багытта, ачыктан-ачык, “Вы никто” деп “клич” таштаганы, бир эле кишинин эмес, бүткүл элдин бетине жаба түкүргөндөй болду. Бул сөздүн тамырына эч ким терең кайрылып көрбөдү. Мында, байкалбаганы менен чоң саясий каймана жатат. Анткени, буга чейин кыргыз саясатчылары жеке амбициясынын алдында элге карата  “Вы никто” деген позицияны ээлеп келгендиги саясий ириңди жарды. Текебаев муну ачыкка чыгарды. Атамбаевдик “көч” кайра улана берет деген маани туюнтулду. Башкча айтканда, коррупция кырга, эл аңга, бийлик такка чыга берет.

 

Революция “ээн тамгасы”... кайталанган талаптар

Акыркы учурдагы  саясий, конституциялык, экономикалык кризис өлкөнүн стартегиялык багытынын жоктугу  гана эмес, ал эң биринчиден өлкөнүн  системалуу кризисин  көзгө сая көрсөттү. Кайсы коом, кайсы реформа, кайсы бир “кибер” өзгөрүү болбосун, ал ириде жыйынтык, акыбет, натыйжа менен бааланат. 2005, 2010, 2020-жылдардагы  элдик толкундоолордун  үнүнө кулак салсаңыз, эл буга дейре кулакка кыттай сиңген бир нече  маселени айтып жатат. Коррупция, узурпация, люстрация, сот адилетсиздиги, мыйзамсыздык, Кумтөр -  ушул эл көкүрөгүндөгү маселелер бардык революциялардын эн тамгасына, ураанына  айланды. Ал кайсы бийлик келбесин болгону эле  ураандан ураанга өттү, акыры түбү саздан ары чыккан жок. Жылдар башка болгону менен ураандар бир, талап да бир, койгон маселе да бир, бирок ал жылдан-жылга  кайталанган  нааразычылыктын гана өзөгү болуп калды.

 

Мындан ары минтип жашоого болобу?..

Жалпы элдин көкүрөгүндө бир гана собол: “Мындан ары минтип жашоого болобу?” деген. Эл 30 жыл өзгөрүүнү күттү. Элдик нааразычылык, бийликке болгон жек көрүү сезими чегинен чыгып, журт көчкөндөй нааразычылыктын туу чокусуна  жетти. Бийлик системасындагы адилетсиздик, акыйкатсыздык, узурпация, коррупция, тамырлашкан мафия, сот, укук коргоо, фискалдык  системадагы адилетсиздик, паракорчулук, уюшкан жемкордук, криминал, жумушсуздук, чучугуна чейин  жеткен күнкорлук, тышкы миграция өлкөнүн как мээсине Домкол кылычындай сайылды...

Мына ушул көп жылдан бери уюган ириң акыркы жолу 2020-жылы октябрда жарылды. Элди эч бир саясий лидер аянттка алып чыккан жок, бу сапар өзү чыкты. Бу кыргыз коомундагы саясий аң-сезимдин жаңы көрүнүшү болду. Алгач, адилетсиз шайлоо жыйынтыгы элдин бүйүрүн кызытса, ал бара-бара саясий мазмунга өттү. Элдик талап Президент Жээнбековду да бийликтен баш тартуусун койду. Буга чейин кылмыш беренелери менен отурган Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү элдик толкундоонун капшабы менен түрмөдөн чыкты... Саясий хаос башталды.

 

Эл анын ысмын атады. Ал – Садыр Жапаров

Борбор нааразы элге кайнап турду. Аянтта турган элдин жеңишине манипуляция кылганды үйрөнүп алган эски саясатчылар бул жолу масса тарабынан колдоо албай четке кагылды. Тан калычтуусу, күтүүсүздүгү- эл   “Садыр Жапаров!” деп аянтты жара кыйкырып турду.

Эл – Садыр Жапаровду гана таанырын, ал гана элдик кыймылдын башында болуп, элди туура нукка бурат деген ой миңдеген нааразы элдин тилегин бир максатка кошту.

Эмне үчүн Садыр Жапаров?.. Буга чейин түрмөдө отурган, саясий Олимптен көрүнбөгөн, активдүү саясий процесстерге шартына байланыштуу катыша албаган, саясий мотив менен өз мөөнөтүн өтөп жаткан Жапаровдун элдик  нааразычылыкта “жалт” этип жылдызынын жанышы көптөгөн атамекендик гана эмес, чет элдик эксперттерди да түкшөмөлгө салды.

Дүйнөлүк саясатта мындай саясий кубулуштар болгон. Ага мисал катары ЮАРдын президенти Нельсон Мандела, чех президенти Вацлав Гавелди, ал эми саясий мотивация менен абакта жатып, дүйнөнү өзгөрткөн Лениндин,  Мао-Цзэдун, Сталинди жана башка дүйнөлүк ишмерлердин ысмын кантип атай албайбыз?!.

Мына ушул көз караштан алып карганда кыргыз элинин 30 жылдык тагдыры, үмүтү, келечеги Садыр Жапаровдун ысмына байланышып жаткан жокпу? Эл бул аралыкта алты президентти көрдү, ишеним акталбады, үмүт турмушка ашкан жок, келечек бүдөмүк бойдон калды. Эл өз тагдыры аркылуу өткөргөн жылдардан сабак алды, эл эми алдангысы келбейт, элди бир жолу алдоого болот, бирок аны түбөлүк алдоого болбойт. Дүйнөлүк тарых аны абалтан эле тастыктап келет.

Чехиянын Президенти атактуу Гавел түрмөдөн чыгып эле өлкө башына отурган, анын момундай тарыхый сөзү бар: “ Үмүт – деген ашкере өзүңө-өзү ишеничүүлүк  эмес, баары ойдогудай болот дегендей,  өзүңүн чындыгыңа болгон ишеним гана келечектин маңызы, аны үчүн башты сайып коюу жашоонун  маңызынан да бийик” деп. Чех  эли  Гавелди – элдик  чындык катары, элдин үмүтү катары, өлкөнүн келечеги катары көргөн. Европа менен Борбор Азиянын ортосун аралык бөлүп турса да бул саясий параллезим,  мына ушул миссия Садыр Жапаровдун саясий күрөшчүл духун курчутуп турат.

 

Саясат тагдыр - элге арналган тагдыр

Саясат - тагдыр, ошол тагдыр гана саясатчыны тарбиялайт, курчутат. Садыр Жапаров ачуу тагдыр аркылуу күрөштүн чордонунда курчуган кыргыз саясатчысы. Өлкөнүн отуз жылдык тарыхында башына канчалык оор күндөр түшпөсүн, кыйын күндөр азапка салбасын, кабат-кабат сыноолордун бешенеден кечирбесин, Садыр Жапаровдун кайратын, мекенчил сезимин, чындыгын эчтеке мокото албады,  сындыра албады.

А мүмкүн, Садырдын саясий феномени да ушунда чыгар?..

Ал эң оболу акыйкатсыздык менен күрөшүүнү тандап алды. Өзү көргөн акыйкатсыздыкты, адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты, “Элим көрбөсүн”, - деп чыкты. А балким Садырдын адамдык бийик ар-намысы да, көтөргөн туусу да ушул айныксыз Чындык чыгар. Өлкөнү отуз жыл бою адилетсиздик, акыйкатсыздык, мыйзамсыздык ичтен ириңдетип, сүлүк  курттай сооруп келди. Эл муну эч качан унута албайт, эч качан кечире албайт.Эми элдин айтаар кези, эми элдин чыныгы Тандоо мезгили келди. Элдин тандоосу – Садыр Жапаров.

 

Чынжырды ким үзөт?

Кыргыз коому бүгүн табигый тандоонун жолунда турат. 30 жыл аралыгындагы саясий оюнчулардын, “аполегеттердин”, чырмашкан саясий мафиянын, кландык-үй-бүлөлүк, бийлик узупаторлорунун кыргыз элине кылган кыянаттыгы экономикалык же социалдык кризиске белчеден батыргандыгында эмес, өлкөдөгү демократия толугу менен дискриминацияланды, баалуулуктар менен дөөлөттөр четинен ыдырады. Кыргызстан өзүнүн машакаттуу жолунда башка бир прогрессивдүү багыттарды тандайм деп жүрүп, анын элдир-селдир көчүрмөсүнүн курмандыгы болду. Президенттик, парламенттик башкаруу, ал башкаруунун гана саясый формасы эмес, эң оболу саясий маданияты, саясий түшүнүгү, саясий позициясы, ал бүгүн эмнеге алып келгенин көрүп турабыз. Бул саясий эксперименттер акыркы он жылдыкта элдин жонунан кайыш тилип, өнүгүү да, өсүү да, кландык, коррупциялашкан системанын чынжырында калды. Ошол чынжырды ким үзөт?..

Ким элди алдыга карай ээрчитип жөнөйт? Ким улуттун чыныгы лидери боло алат? Бул суроо бүгүн тикесинен тик коюлду. Анткени, бул чындык “же бар же жок болобуз”  деген реалдуулукту көзгө сая көрсөтүп койду. Эл кимге ишенет, эл ким менен чогуу? Бул маселе көп нерсени аныктайт, көп нерсени ачыктайт. Өлкөдөгү системалуу коррупция ал тек гана өзүнөн өзү эле эмбриондон өсүп чыккан жок, ал бийлик төбөлдөрүнүн “унчукпай, макул болгонунун улам”  гүлдөп кеткенин азыр ачык моюнга алуунун сааты келди. Миллондор уурдалып, тонолуп, жемкорлуктун казаны “берекеге” кайнап турганын ким көрбөйт да, ким байкабайт? Мындай монстрлардын чыгышына бийлик түздөн-түз күнөөлүү. Ага актанууга негиз жок.

      

Өзгөрөм десең, өзгөрүүнү өзүңдөн башта...

Өлкө кыска убакыттын ичинде башкаруунун ар кандай жолуна барды. Барганда да мамлекеттик муктаждыктан же элдин кызыкчылыгынан эмес, саясий “кучканын” кызыгынан барды. Президенттикти, супер президенттикти, президенттик-парламенттик, парламенттик башкаруунун чет бучкагын эл көрдү. Прогресс болдубу? Саясий партиялар парламентти  курап, бийликти шайлап, өлкөнүн өнүгүүсүнө негиз жарата алдбы?!  Жарата алган жок. Бул жоопкерчиликти кимден сурайбыз, ким жооп берет, ким өз мойнуна алат. Эч ким. Президент да, Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да... Тескерисинче,  өлкө партиялык кызыкчылыктардын гана “вотчинасына” айланды.

Ал эми саясий партиялардын лидерлери парламентаризмдин институционалдык негизин жарата албады. Парламент  саясий  “бизнестин”  очогуна айланды. Бир сөз менен айтканда – өлкө кууш бурчка келип такалды. Үч жолу элдик козголуу болду, үч жолу бийлик кетүүгө мажбур болду, мыйзам талаасы аңгырап бош калды. Саясатта тоталдык сабатсыздык жайылды. Элдин чыдам кредити түгөндү...

2020- жылдын октябрындагы окуялар бул эң оболу акыркы жылдардын аралыгындагы саясий ириң, саясий метастаз. Мына ушул саясий толкундун шары менен гана эмес, элдик колдоонун күчү менен чоң саясий аренага келген Садыр Жапаровго болгон үмүт да, тилек да элдин жашоосу, азап-тозогу, проблемасы менен чогуу жуурулушуп турат. Эл баарынан мурда эски элитадан көңүлү калды, тажады, көргүсү да келбейт. Эл бүгүн жаңыны талап кылып турат. Ошол талаптын туу башында - Садыр Жапаров турат.

Садыр Жапаровду эл бир гана ой менен колдоп жатат, ал ой - өзгөрүү, жаңычылдык, реформа. Бул өтө татаал процесстердин уюткусу. Аны менен күрөшүү так ушул Садыр Жапаровдун бешенесине туш келип олтурат. Бирок ошол эле учурда,  Жапаровдун жоопкерчилиги бир гана президенттик мөөнөт менен эмес, бүтүндөй тарыхтын жоопкерчилиги менен байланышкан. Бул – чоң миссия. Кайсы мамлекет болобу, өлкө болобу, эл ири алды барчылыкта жана бейпилчиликте жашаш керек. Ал эми ага негиз бере албаган система, эң алды менен жараксыз система. Садыр Жапров бийликке келген күндөн тартып эле саясий реформаны тутунуп, системалуу өзгөртүүнү эң башкы маселе катары алып чыкты. Ал - конституциялык реформа.

 

Конституция эл үчүнбү... ал кимге кызмат кылат?

Конституция бу аморфтуу саясий документ эмес, ал элге иштей турган, элдин талабына жооп бере турган, элдин кызыкчылыгын коргой да, колдой да алган саясий документ. Ал - Баш мыйзам. Дүйнөлүк практикада ар кандай башкаруу жолдору бар монархия, диктатура, демократия, парламентаризм, ошол эле учурда башка саясий  режимдер бар. Бийлик эң алды менен системдик түзүлүшү менен эмес, элине кандай кызмат кылат, элин кандай асырайт, эл үчүн иштейби? Ушул чыныгы бийликтин маңызы. Кеп Конституцияда эмес, бийликтин элдүүлүгүндө, элге багытталгандыгында. Дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө, экономикасы боюнча да, социалдык саясаты, жашоо деңгээли боюнча алдыңкы орунда турган Улуу Британияда эч кандай Конституция жок, алар болгону 300дөй мыйзам менен гана дүйнөнүн алдыңкы сабында келет. Атактуу Маргарет Тэтчер кезегинде айткан “Кайсы бийлик болбосун, кайсы түзүлүш болбосун, кайсы Конституция, монархиялык башкаруу болбосун, эли бактылуу, ток, туруктуу жашаган өлкө баарынан бийик турат. Маселе системада эмес, анын маңызында”. Сөз эмес бекен!.. Чындыгында эле аны тарых сабагы көрсөттү. Садыр Жапаровдун Президенттик миссиясы – системанын маңызы өзгөртүүдө турат. Ансыз таптакыр жылыш болбойт. Бул да чындык...

Кетменчен элге атомдук бомбаны карматып кеткен Сталин, азыркы либералдык баалуулуктарды пир туткандардын идеалы Ли Куан Ю, кытай экономикасынын архитектору Дэн Сяопин өлкөдөгү саясий реформаны тартип менен билимден  баштаган. Мына ушул өлкөнү түп тамырынан өзгөртө ала турган кадамга ким барат? Күчтүү Президент – күчтүү өлкө. Бул аксиома талашсыз.

Ал – Садыр Жапаров.

Бул жолдун каршылары да чекеден чыгат, бирок, андайларга кылчайып кароого убакыт жок. Мезгил – өзгөрүүнү талап кылууда. Келечекке кызмат кылуу, ал бүгүнтөн башталат. Аны чыныгы лидер,  мекенчил, жаратман, мамлекетчил сезим күчтүү Садыр Жапаровдун ысмы менен  миңдеген адамдар байланыш кароодо. Ал байланыштын өзөгү - ишеним, өлкөгө, мамлекетке, элге таза абийир менен кызмат кылуу, келечекке карай бет алуу.  Садыр Жапаровдун саясий феномени ушул ыйык түшүнктөр менен мүнөздөлөт!.. 

Садыр Жапаровго ишеним – келечекке ишеним!..

 

Бек-Тур Каримов, Булак:  “Майдан. kg” гезити