Соцтармактын Султаналиев Сайпидин аттуу колдонуучусу төмөнкүдөй пост калтырды:
"Камчыке...Ээ Камчыке!!!Ажыдаардын куйругун басып алган жоксузбу?
"Мындан кийин судьялар хан сарайларда жашабайт", - дедиңиз.
Ооба, өлкөдө коррупцияны гүлдөткөн дал ушул судьялар экенин коомчулук айтып келет. Бирок Кыргызстанда ушул күнгө чейин эч бир күч органдары сотторго каршы чындап иликтөө жасаган эмес. Ушул бийлик келгени сотторго каршы иликтөөнү жеке өзүңүз көзөмөлгө алаарыңызды ЖМКга айттыңыз. "Жогорку сотто 35 судья бар экен. Алардын ар бири 570 Жиптерди айдап жүрөт. Бул боюнча биз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатсак, кечээ бир судья үй-бүлөсү менен Дубайга эс алганы кетиптир. Үч -төрт адамдын Дубайга барып эс алып келгени эле 15-20 миң доллар болот. Соттор андай акчаны кайдан алат?! Кийген шубасы беш миң доллар, өтүгү миң доллар, миңген машинеси жүз миң, жашаган үйү миллион доллар турат. Андан тышкары квартираларды алып коюшат. Кечээ биз кармаган судьянын 20 батири бар экен. Бул эмне деген акмакчылык?! Биз буларды тартипке келтирмейинче коомубуз оңолбойт. Ар бирин текшерүүгө алабыз. Декларацияда эмне жазылса ошол мүлкү гана болушу керек. Эгер “Ваз 2606” деп жаздыбы, демек ошону миниши керек, эки бөлмөлүү “хрущевка” деп жазса ошол жерде жашашы керек. Алар мындан кийин миллион долларлык хан сарайларда жашабайт. Бизге акыйкаттык керек. Бул нерсени колго албай, бири-бирибизге тийбей, көрмөксөн болуп жүрө берсек социалдык теңсиздик боло берет. Биз мындайга жол бербейбиз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ар бир судьяга, ар бир чиновникке, депутаттарга кайрылам. Декларацияда көргөзүлгөн, адал тапкан каражатыңарга жашагыла. Антпесе, депутаттар кымбат машина менен келишет, анысы декларацияда көргөзүлгөн эмес. Туугандарына жазып коюп айдап жүрөт. Ар бириңерди текшеребиз. Андыктан, өз каалооңор менен коррупциядан тапкан мүлкүңөрдү саткыла дагы кирешени мамлекетке өткөргүлө”,-дедиңиз.
Чындап эле ар бир коррупционерди текшерип, мамлекетке келтирген чыгымды төлөтө турган болсо өлкө бюджети тез эле толуп, сырткы карызыбыздан кутулуп, акыйкаттык орноп, мамлекетибиз өрүүнү көздөй жол баштайт.
"Айткычакты сөз сенин кулуң. Айткандан кийин сен сөздүн кулусуң"- деген кыргызда сөз бар. Сиз эми сөздүн кулу болбой аны аткарышыңыз керек.
Чырмалышып калган коррупцияны жоюуда бут тосуулар көп болот. Сиздин коррупцияга ачкан согушуңуз карапайым калктын кызыкчылыгы үчун жакшы болгон менен май көл, сүт көл жашоосунан айрылгысы келбеген ажыдаарлар үчүн өтө оор. Алар сизге каршы согушка аттанышты...