Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 154

-Темирбек Ишенбаевич, эмне үчүн президенттик шайлоого катышпай Садыр Жапаровду колдоюн деген чечимге келдиңиз?

-Азыр  саясый стабилдүүлүктү тез  орнотуп,  экономикалык оор маселелерге көңүл буруу  өтө зарыл.  Болбосо, элибиздин  турмуш маселесине болгон нааразычылыктарын  саясый курал катары  колдонуп, Кыргызстанды  радикалдаштырууга умтулган   үчүнчү күчтөр   мамлекеттүүлүгүбүзгө  коркунучтуу кырдаалды жаратканы турушат.  Ошондой эле азыркы саясый  кырдаалдын түптөлүшүнө жана Жапаровдун эркиндикке чыгып,  мамлекеттик иштерге активдүү аралашуусуна  биздин да түздөн-түз тиешебиз  бар. Садыр Нуркожоевичке элибиздин көпчүлүк  катмары  ишеним көрсөтүп үмүт артып жатышкандыктан, элди бөлүп-жарбай шайлоого катышпай эле ага мүмкүнчүлүк берейин деген  чечим кабыл алдым. 

-Эл президенттик кызмат үчүн атаандашкан  талапкерлердин эмнесине карап тандашы  мүмкүн?

-Менимче кайсыл талапкер  соттордун адилеттүүлүгүн   камсыз кылам, эски саясатчылардан бийликти тазалайм,  кыйналган элдин турмушун ондойм деп ачык айтса, эл ошол талапкерге  ишеним көрсөтүшөт. Анткени, эл адилетсиздиктен чарчады. Сыягы, эл саясий куугунтукту башынан өткөрүп, адилетсиздиктен  оор запкы чеккен адам катары,  Садыр Жапаровго ишеним артып, бийлик бутактарына калыстык орнотот, калпыстыктарга  жол бербейт деген  үмүттө колдоп жатышат.

 

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити