Мындан башкача айтууга мүмкүн эмес. ЖОЖдон жогорку билим алганы боюнча дипломду жасап алгандарды элди, мамлекетти алдагандар дебегенде эмне дейбиз? Бизде окууга барбай жүрүп эле дипломдуу болгондор аз келгенсип, окуудан айдалып кетип, бирок дипломду алып, аны менен мамлекеттин бюджетине зыян келтирип жүргөндөр да жок эмес. Андайлар мезгил мезгили менен кармалып, тийешелүү жоопкерчиликке тартылып келет. Ошондой жасалма дипломдуу дагы бир чиновник колго түшүрүлдү.
Бул ирет өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин жасалма диплом менен жүргөндүгү белгилүү болду. Ага карата “Документтерди жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, ал 1997-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтуна тапшырып, бирок 2000-жылы окуудан чыгарылган. Тергөөнүн жүрүшүндө, Жыргалбек Сагынбаев 2000-2006-жылдары “экономист” квалификациясын ыйгаруу менен белгилсиз бирөөлөрдөн дипломду сатып алгандыгы анык болду. Окуу жай ага андай диплом берилбегендигин ырастады. Бирок Жыргалбек Сагынбаев “менин дипломум жасалма эмес, аны далилдейм” деп көшөрүп аткан кези. Бул эми кылмышты кылган адамдын “менин күнөөм жок” дегениндей эле кеп. Бул ишке сот чекит коюп, мамлекетти алдап, өлкө бюджетине келтирген зыяндар Ж. Сагынбаевдин эсебинен калыбына келтирилиши керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити