Тарапкерлери АШАны абактан бошотуп, үй камагына чыгаруу керек деген талап коюшса, ал эң жогорку бийликтин айрым тепкичтеринде отургандар тарабынан колдоо таап жаткандыгы Жогорку Соттун АШАны көптөгөн адамдардын убалына калган “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча актап, ишин кайра кароону Биринчи май райсотуна жөнөткөндүгүнөн көрүндү. Ал иш боюнча укук коргоо органдары менен кызматташкандардын тийиштүүлөрүнүн бардыгы АШАга каршы көрсөтмө беришип, ал “операция” түздөн түз анын көрсөтмөсү менен ишке ашырылгандыгын ырасташкандыгы ЖМКлардын көбүнө чыккан. Чынын айтсак, Жогорку Сотто Атамбаевди актоого кандай жагдайлар себеп болгондугун коомчулук түшүнбөй калды.

Арийне, операцияны түздөн түз ишке ашырган аткаруучулар АШАнын буйругун аткаргандыгын ырасташкандан улам, ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган болчу. Эми Жогорку Соттогулар аны күнөөсүз деп жатышат. Анда күнөөлүүлөр кимдер? Баш кесерди ардактуу кароол менен тарыхый ата мекенине узаткандар ушинтип биринин артынан экинчиси жоопкерчиликтен кутулуп кете беришеби? Ал ашык-кеми жок Кыргызстандын жогорку даражадагы 4 мамлекеттик кызматкерин өлтүрүүнү уюштургандыгы үчүн айыпталган рецидивист эмес беле! Мындан сырткары, Кылмыш-Жаза Кодексиндеги дагы 9 оор берене менен айыпталып жаткан адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу – мыйзамдуулукка какырып-түкүрүп, тебелеп-тепсегенге барабар болуп саналат.

АШАга каршы “Адам өлтүрүү”, “Адам өлтүрүүгө аракеттенүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу жана аларды коркутуу”, “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”, “Адамдарды барымтага алуу”, “Мыйзамсыз курал алып жүрүү”, “Массалык башаламандыктарды уюштуруу”, “Бейбаштык”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирүү” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. АШАны кармоо учурунда “Альфачылардын” командиринин орун басары, полковник АША аткан октон курман болсо, дагы беш-алты жоокер жарадар болушканы, массалык башаламандыктарда мамлекетке жалпы көлөмү 25 миллион сомго жакын зыян келтирилгендиги чындык. Драгун таамай аткыч винтовкасы менен жоокерлерди кандай аткандыгын Атамбаев өзү телекамералардын алдында мойнуна алган. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке жалпы көлөмү 111 миллион долларлык зыян келтирилген. Ал 1,5 миллионго жакын адам жашаган Бишкек шаарынын бир жылдык бюджетине барабар сумма болуп саналат. Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык схемалар, алардын артында АША баштагандар тургандыгы жөнүндө да көп айтылды, жазылды. Алардын көпчүлүгү боюнча тергеп-тескөө, соттук кароо иштери аягына чыгарыла элек. Эгерде АША үй камагына чыгарылса, ал өзүнүн тааныш-билиштик, каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу аркылуу тергеп-тескөөлөрдүн, соттук кароолордун калыс, адилет өтүүсүнө каршы сөзсүз кедерги иштерди жасабай койбойт.

Жогоруда аталган беренелерден “Бейбаштыктан” башкасынын баары менен эмес, бир беренеси боюнча айыпталгандарды деле үй камагына чыгарганга мыйзам жол бербейт. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, жогоруда айтылгандардын бардыгы коом үчүн өзгөчө коркунучтуу терроризмге, мамлекетке чыккынчылык кылганга барабар айыптардан. Анан террористтерди же атайылап адам өлтүрүп, беш-алтысын жарадар кылганды же мамлекетке ондогон миллион долларлык зыян келтиргендерди үй камагына чыгарып жибериптир дегенди деги бир жерден уктуңуздар беле?

Атамбаевдин эки табакташы Сапар Исаков менен Албек Ибраимов октябрдын башталышындагы тополоңдордо түрмөдөн качып чыгышып, ошол бойдон издерин таптырбай кетишти. Билишибизче аларды издеген деле эч ким жок. А.Ибраимов Бишкектин бир бурчунда эле жашырынып жүрөт деп жатышат. Эми АШАны жоопкерчиликтен чыгарып кетүү кампаниясы башталды. Бул укуктук системабыздын, мыйзамдуулуктун кыйрап баратканын гана көрсөтөт. Ага кошо мамлекетибиз да бир балээге учурабаса экен.

Т.БЕШКЕМПИРОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити