Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 201

"Президенттик форманы колдогондор: биз Президенттик таза бийликте жашай элекпиз, ар дайым аралаш система болуп келди Парламенттик форманы колдогондор: биз таза парламенттик формада жашай элекпиз, ар дайым Президент үстөмдүк кылып келди!

Эки тарап тең азыркы аралаш, чаржайыт, арабөк, жоопкерсиз башкаруу формасына нааразы жана андан кутулмайын Кыргызстан оңолбойт деп келишет! Эң туура!

Анда эмнени талашып, кымгуут болуп чабышып жатабыз? Максатыбыз бир эле экен да: азыркы башкаруу системаны жоюу.

Анда талашты токтотуп, эки тарап тең референдумду колдошубуз керек экен да. Эл кайсы форманы референдумда тандаса да, эл нааразы болуп жаткан аралаш системадан КУТУЛАТ экенбиз да, туурабы...", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.