Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 150

"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сыркары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат.

Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 
Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек", - деп жазды Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, Конституциялык кеңешмеде  Садирдин Төралиев орус тилин расмий статусунан ажыратуу сунушун жолдогон.