Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 144

-Уран мырза, орустардын  байларга карата  айтылган  жакшы сөзү бар экен. “Байлыгың болсо саясатка аралашпа, куру жалак калсаң таарынба” деген. А эмне үчүн кыргыздарда бай болгон адамдын баары жогорку кызматтарга, жок эле дегенде парламентке барууга ашыгышат?

-Өнүккөн мамлекеттерде  бизнес менен саясатты эч убакта аралаштырышпайт. Бул мамлекеттик коопсуздуктун бузулбас эрежеси. Бизде ушул эрежени саясатчылардын түшүнбөй жаткандары алардын дагы эле балалык оору менен ооруп, мамлекеттик ой жүгүртүү деңгээлдеринин төмөн экенин тастыктайт. Бирок мени үмүттөндүргөнү биз деле  бул оорудан айыгат болушубуз керек.

-Неге "Нью-Йорк таймс" президенттик шайлоого аттанган Садыр Жапаровду бандит деп жазды?

-Анткени,  анын бийлике келип калышы сырткы күчтөргө жакпай жатат. Тагыраагы, Садыр Жапаров  түрмөдөн чыга калып, алардын пландарын бузуп салды. Чынында илгертеден эле  Кыргызстанда ким президент болот ошолор чечип келген. Анан эле алардын планын Жапаров бузуп, мамлекетти башкарды. Ошон үчүн  Садыр Жапаровду бандит дешип "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкты. "Нью-Йорк таймс" кыргыздар үчүн күйсө, анда Жапаровду "Центерранын" ээлери заказ менен каматканын жазмак. Баарынан кызыгы Жапаровду бандит дешет. Чынында бандит деп бирөөнүн үйүнө кирип, тоноп кеткен кишини айтат.  “Центерра” Кыргызстанды тоноп жатса, аны ачыкка алып чыккан киши бандит болобу? А эмнеге бизден жылына 100 миллиард доллар чыгарып кетип жаткан трансулуттук  компанияларды "Нью-Йорк таймс" бандит деп жазбайт?  Анткени, алар табакташ. Ошон үчүн элдин ырыскысын чынында алып кетип жаткандарды эмес, алардын былыгын ачкандарды бандит деп каралап жатышат.

- Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгуусу алар үчүн күтүүсүз болду деп жатасыз, эмнеге?

- 5-октябрда  Атамбаевди түрмөдөн чыгаруу  сценарийи болгон. Бирок ал планга Жапаровду чыгаруу кирген  эмес. Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышы  алардын бүт планын бузуп,  ботко кылды. Кыскасы, отуз жылдан бери  биринчи жолу еврейлердин пландары ишке ашкан жок. Эми президенттик шайлоону тынч, адилеттүү өткөрүп алышыбыз керек. Алар президенттик шайлоого да кийлигишип, өз максаттарын ишке ашырууга аракет кылышат.

-Садыр Жапаров Өмүрбек Бабанов менен Россиядагы мамилени эпке келтириш үчүн бириктиби?

-Мүмкүн. Анткени, Бабановдун артында Россияга окшогон чоң держава турат. Балким, ал президент болсо, мен премьер-министр болом деген максатта  “президенттик  шайлоого катышпай Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдойм” дегендир.

 

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити