-Турсунбек мырза, Өмүрбек Текебаев “президенттик башкарууга багыт алсак, 30 жыл артка кетип, бир кишиге баш ийген, жүгүнгөн Түркмөнстан болобуз”- деди. Чындап эле президенттик башкарууну тандасак, президентке жагынуу менен күнүбүз өтөбү?
-Мен Өмүрбек Текебаевдин бул сөзүнө түп- тамырынан бери кошула албайм. Кыргыздар илгертеден бир ханга же бир жетекчиге баш ийип жашаган эл эмес. Тагыраагы, ак кийизге ороп хан шайлашкан күндө да, ханга жоолашуу убагында гана жоокер катары баш ийген. Башка учурда кыргыздар уруу –уруу болуп жашаган. Бардык маселени кеңешүү, баарлашуу, талкуулоо жолу менен чечкен, эркин жашаганды жактырган эл. Ошондуктан, Түркмөнстан менен Өзбекстанды эч качан кыргыздарга салыштырбашыбыз керек. Биздин табиятыбыз башка. Диктатор башкаруучу келсе дагы, кыргыздарды башкара албайт. Текебаевдин “президенттик башкарууга багыт алсак, Түркмөнстан болобуз” деп айтканын коркутуу катары кабыл алсак болот. Ал партиялык системаны жана өзүнүн партиясын сактап калуу үчүн президенттик башкаруу болсо, бир кишиге жүгүнүп каласыңар деп элди коркутуп, партиялык системаны сактап калуу үчүн колдон келген аракетин жасап жатат. Чынында партиялык система Кыргызстанга жакшылык алып келген жок. Ага карабай партия түзүп алып, андан пайда таап жаткандар партиялык системаны сактап калуу үчүн президенттик башкарууга каршы чыгып жатышат.
-Бирок эл арасында парламенттик башкарууну мактагандар да бар го? Сиз эмне үчүн партиялык системага караманча каршы чыгып жатасыз?
-Парламенттик системанын киргенине 11 жыл болду. Ар бир 5 жылда 6-7 партия парламентке келет. Бирок мамлекет үчүн пайдалуу деле иш кылышпайт. Тагыраагы, партияларга кирип, депутат болгон адамдар мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, партиянын жетекчисинин пикирин жогору коюшат. Маселен, көпчүлүк депутаттар партлидерге баш ийишип, ага каяша кайрымак турсун жагынуу менен күн өткөрүшөт. Алар миллиондогон каражаттарды партлидерлерге беришет. Тагыраагы, партияга киргендердин акчалары партлидерлердин чөнтөгүнө түшөт. Берген акчаларынын суммаларына жараша биринчи ондукка, жыйырмалыкка киришет. Бирок ал акчалар кандай пайдаланылып, кайда жумшалып жатканын партлидерден башка эсептеген адам болбойт. Ошон үчүн партиянын жетекчилери тез эле байып, кабат-кабат үйлөрдү салып, материалдык абалын оңдоп алышты. Маселен, 10-15 жыл мурун эл катары эле күн көргөн партлидерлер фирмаларды ачып, кымбат баалуу машинелерди минип, абдан байып көпөс болуп чыга келишти. Көрсө, партия баюунун бирден бир жолу экен. Анын кыныгын таап алган партлидерлер президенттик башкарууга караманча каршы чыгып, партиялык системаны сактап калуунун аракетин көрүп жатышыптыр.
-Айтканыңызга ынаналы, партиялык система партлидерлердин гана капчыгын калыңдатат экен дейли. Парламенттик башкаруунун мамлекет үчүн олуттуу зыяны, кесепети болдубу?
-Албетте болду. Мисалы, партиялык системанын айынан депутаттар менен жер-жерлердеги элдин байланышы үзүлдү. Ошондой эле партиядан депутат болгондор партиянын жетекчисинин көзүн карап, ага жагынып, анын үй -бүлөсүн, досторун тейлеп, чай берип, кошомат кылуу менен гана алек болуп, көпчүлүк учурда шайлоочулардын көйгөйлүү маселелерин эстен чыгарышты. Тагыраагы, партиялык система эл менен депутаттарды алыстатты. Маселен, депутаттарды бир мандаттуу округдан шайласак, депутаттар жок эле дегенде шайлоочулары менен жолугуп, мектебин курганга жардам берип, тийиштүү жерлерге кайрылып, акча бөлдүрүп, социалдык маселелерди чечкенге көмөктөшмөк. Партиялык система менен шайланган депутаттар андай иштерден оолак болушту.
Баса, парламенттик башкаруунун дагы бир жаман жери элди депутаттарды түздөн түз шайлоо укугунан ажыратты. Ошондой эле парламентке келген партиялар коалиция түзүп, башкаруучу коалицияга киргендин баары премьер-министрликтен баштап, айыл өкмөткө чейинки кызмат орундарын устукандай бөлүштүрүп алган адат пайда болду. Тагыраагы, парламентке келген 6 партия бардык министрликтерди бөлүштүрүп алып, кадрларды сапатына эмес, өз кызыкчылыктарына жараша коюшту. Жыйынтыгында, партиялардын жардамы менен кызматка келген министрлер премьер-минитсрге же президентке баш ийбей, көп учурда өз партлидерлеринин кызыкчылыгын жогору койгон учурлар орун алды. өкмөттүн ишин артка тартышты. Баарынан кызыгы, партлидерлерге таянган министрлерди премьер-министр да кызматтан алалбай турган абал жаралды. Ошондуктан, өкмөттүн иши илгерилебей өкмөт бирдиктүү команда болуп иштей алган жок.
Премьер-министр партлидерлер дайындаган министрлерди опузаласа, коалициядан чыга калып, премьер-министрди кызматтан кетирген көрүнүш орун алды. Кыскасы Түркмөнстанды мисал кылган Текебаев өзү канчалаган премьер-министрлердин кызматтан кетишине шарт түздү. Анткени, парламенттеги партлидерлерге өкмөт канчалык бат алмашса, ошончолук акча күргүштөп түшүп тура турган шарт түзүлдү. Премьер-министрлердин бат-бат алмашканы өлкөгө канчалык зыяндуу болсо да, партлидерлерге пайдалуу болду. Себеби, өкмөт алмашкан сайын партлидерлер жаңы кадрларды даярдап, партиясынын мүчөлөрүн кызматтарга коюп, пайдага туйтунуп жатышты. Кадр саясатынын таш -талканынын чыгарып, мамлекетти артка тарткан жагын эске алганда партиялык системанын пайдасынан зыяны көп болду. Парламенттик башкаруунун кыргыздардын кыртышына, топурагына сыйбаган система экени айдан ачык көрүнүп калды.
-Балким, мындай терс көрүнүштүн баары партлидерлердин сугалактыгынан жана айрым партиялардын ачкөздүгүнөн болуп жаткандыр...
-Негизи, саясий партия деген идеяга, концепцияга бириккен адамдардын уюму болушу керек. Партлидерлер айылдарга, райондорго барып, партиялык курулуш менен иштеп, партиянын структурасы тууралуу маалымат берип, ал партияда кимдер мүчө экенин, шайланган депутаттар кандай иштер менен алек болуп жатканын, партиянын мүчөсү болуш үчүн эмне кылыш керек экенин, 5 жылдык, 10 жылдык планы кандай экенин айтып эл менен жакын болуп, партияга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек эле. Шайлоо болгондо эле жулкунуп чыга калбай. Ошондой эле партиялар студенттерге, жаштарга тарбия берүү боюнча концепциалдуу иштерди алып барышы зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстандагы партиялар жаштарды туура жолго салган, туура багыт берген миссияны аркалабай эле акча чогултуучу акционердик уюмга айланып калышты. Ошон үчүн эл партия десе пайданы көздөйт деп жийиркенип, партияга болгон ишеним жоголду. Өкүнүчтүүсү, президенттик башкарууну чанып, жээрип жаткандар партия деп отуруп, элди иренжитип алганын, партиялык система деп мамлекетти талкалашканын моюнга алгылары келбей жатат.
-Партиялык системанын тырмактай болсо да мактай турган жакшы жагы болдубу?
-Партиялык системанын бир эле артыкчылыгы, бир эле жакшы жагы болду. Айрым партлидерлердин “айкөлдүгү” менен колунда жок, бирок дээринде бар жаштардын жана айрым мугалимдердин, искусство адамдарынын депутат болушуна шарт түзүлгөн учурлары болду.
-Бирок партиялык системанын зыяндуу жактарын санаганыңыз менен партиялык системадан биротоло баш тартууга мүмкүн эмес жагдай жаралып жатат го...
-Азыр болбосо да, биз бара-бара Текебаев айткан партиялык системадан бошонушубуз керек. Бирок эл партияны эмес, депутаттарды шайлай тургандай кылышыбыз керек. Маселен, бир мандаттуу округдарга партиялар депутаттарды көрсөткөнгө акысы бар. Партиялык системаны биротоло жок кылып салбасак да, жок дегенде өз талапкерлерин чыгарып, сүрөй беришсин. Болгону, эл кимди шайлаганын биле турган кылышыбыз керек.
-Айтмакчы, президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүү зарылчылыгын айткандар пайда болду. Эгер президенттик шайлоо менен референдум чогуу өтсө, мыйзамга каршы келип, түшүнүксүз жагдай жаралып калбайбы?
- Конституцияны кабыл алуу процедурасы боюнча Садыр Жапаровго бардык сунуштарымды айттырып, маектерди, сунуштарды берип жатам. 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумду өткөрүү маселесин көтөрөйүн деген максатым бар. Президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрсөк, биринчиден, каражатты үнөмдөйбүз. Экинчиден, референдум аркылуу президенттик башкаруубу же парламенттик башкаруу керекпи? Партиялык система ыңгайлуубу же бир мандаттуу округбу? Курултай керекпи же керек эмеспи деген маселелерди элден сурашыбыз керек. Үчүнчүдөн, президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрсөк, жаңы шайланган президент кайсы башкарууну тандаганыбызга жараша иш алып барат. Референдумдан кийин жаңы Конституцияны кабыл алып, февраль, март айларында парламенттик шайлоону өткөрсөк туура болот. Кыскасы, ар кайсыга алаксып убакытты уттуруп, кечигип калбашыбыз керек.
-Жаңы Конституцияны азыркы парламент иштеп чыгып талкуулашы керекпи же конституциялык кеңешме түзүлүшү керекпи?
-Жаңы иштелип чыга турган Конституцияны парламент иштеп чыгып же парламентте талкууланбашы керек. Конституциялык кеңешме түзүп, ошол кеңешмеде талкуулашыбыз керек. Конституциялык кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышы шарт. Конституциялык кеңешменин курамына чыныгы адистер, юристтер, өкмөттүк эмес уюмдар, саясатчылар кириши керек. Тагыраагы, Конституциянын тагдырын азыркы парламентке берип койсок, анда легитимдүүлүгүнө шек кетет. Анткени, мөөнөтү бүтүп калган парламент Конституцияны өзгөртүүгө кандай аракет кылаары да белгисиз. Ошондуктан, Конституцияны толук легитимдүү органга табышташыбыз керек.
Айкөкүл Мырзабекова
Булак: “Майдан. kg” гезити
Турсунбек Акун: “Президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрүү – каражатты үнөмдөйт”

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити