Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибинде 6 маселе каралат. Алар: (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин кароо (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карайт);
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карайт);
3. «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет (демилгечилер – депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев Ү.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.), (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет карайт);
4. «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет), (демилгечи – өкмөт), (Бюджет жана финансы боюнча комитет карайт);
5. «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет), (демилгечи – өкмөт), (бардык комитеттер карайт);
6. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет), (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.), (Бюджет жана финансы боюнча комитет карайт).
Булак: Баракелде