Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүнө жооп берди. Эске салсак, Дүйшөбаев Райымбек Матраимовдун кармалышын "театралдык шоу" деп атаган.
"Кеңешбек Дүйшөбаев 30-40 жылдан бери күч түзүмдөрүндө иштейт. Анын генерал наамы бар. Ушунча убакыттан бери ал кармаган кылмышкерлер мамлекеттик казынага бир тыйын коштубу? Алардын кармалышы мейли шоу, спектакль болсо да? Мамлекетке кандайдыр бир пайда келтирди беле? Мен андан так ушундан баштап суроону сунуштайт элем", - деди Жапаров.
Ошондой эле, ал Дүйшөбаев 2010-жылдагы окуяларга жоопкер экенин белгиледи. \
Айтымында, биринчиден ал пенсия курактагы адам. Экинчиден, Коопсуздук кеңешинин башчысы болууга моралдык акысы жок.
"Ошондуктан, мен аны кызматтан алдым. Ал 2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары үчүн жооп бериши керек. Ошол убакта Коопсуздук кеңешинин башында турган. Бул иликтенет. Бул адам жоопкерчилик тартышы керек", - деди Садыр Жапаров.