Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров үч күндөн бери жумушка чыкпай дайынсыз болуп жатканын президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров айткан. Ал маалымат каражаттарына берген маегинде коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон Акылбек Жапаровду бул иштен алганын жана анын себебин айткан.
Акылбек Жапаровду жалпы соцтармактын колдонуучулары "издеген". Бүгүн депутат үч күн кайда болгонун айтты.
"Мен ооруп калдым, жардамчым бул тууралуу мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну кабардар кылбаптыр. Ковид менен ооруган жокмун, буга чейин эки тараптуу пневмония менен ооругам, ошондуктан бул жолу грипптин жеңил түрүнө гана кабылдым деп ойлойм. Азыр жакшы болуп калгандыктан, жумушка чыктым", - деди депутат.
Ал эми аны Садыр Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчиликтен алып салганын мындайча комментарийледи:
"Садыр Жапаровдун ар бир чечими эл кызыкчылыгына жараша кабыл алыгат. Биз анын ар бир чечимин эгер ал зарыл болсо, кабыл алууга даярбыз".
Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун парламенттик шайлоо алдында теледебатка катышкандагы сүйлөгөн сөзүн угуп калып иренжигени үчүн иштен бошотконун белгилеген.