Мурунку президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим атайын комиссия тарабынан кабыл алынган.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев АКИpress маалымат агенттигине Атамбаев түзөтүү абагына бүгүн, 27-октябрда которуларын билдирди.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев СИЗО-1 мекемесине которулуп, ачкачылык жарыялаган болчу.
Булак: Баракелде