Жогорку Кеңештин жыйынында, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча маселени талкуулоодогу талаш-тартышта депутат Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Текебаевдин унчукпай отурганына таң калды.
"Сизди мыйзамдын "атасы" деп билебиз. Бирок биз ушундай маанилүү маселени талкуулап жатканда унчукпай отурганыңыз кандай? Сизди мандатын кайтарып алды дегенде баары кубанган эмес, бирок кубангандардын арасында мен да болгонмун", - деди Сулайманов.
Текебаев бул жыйында сүйлөбөй эле коеюн деп чечкенин, бирок ачык суроо берилгенден кийин ага жооп бербей коюу да мүмкүн эместигин айтып, трибунага чыкты.
"Мен кыргыз саясатчыларынын коен жатагынан бери билем. Алтынбек Сулайманов ары кыйшайганда оюнда эмне бардыгын, бери кыйшайганда оюнда эмне бардыгын билем. Ким эмнеге сүйлөп жатат, ким эмнеге унчукпай отурат - аны да билем. Бир гана мен эмес, азыр баарыбыз билип калдык - ким жакшы сөз, жакшы максат айтып жатканы менен ары жагында, оюнда эмне кызыкчылыгы бардыгын. Керек болсо кайсы саясатчынын оюнда эмне бар десеңер баарын айтып бере алам. Мына, азыр парламентке эки депутат ант берип, ишине киришкени турат. Президент да колун Конституцияга коюп, ант бергиче ишине кирише албайт. Соттор да, башка жооптуу кызматтагылар да. Ант бергенге чейин ага ыйгарым укуктар берилбейт, анын кабыл алган чечимдери жараксыз болот", - деген Текебаев өкмөт да ант бере электигин белгиледи.
"Конституцияда жазылып турат өкмөт эки жумадан ашпаган убакытта ант бериши керек деп. Биз так ушундан башташыбыз керек. Ант бергенде, антын бузса бир гана өзүнө эмес, бала-чакасына чейин тиет. Бизге оор кырдаалда көп мамлекеттер кеңеш беришти, жада калса Түркмөнстан да мыйзамыңар кандай жазылса, андагы эрежелерге таянып саясий кризистен чыккыла дешти. Жаманбы - жакшыбы мыйзам боюнча иш алып баралы. Эрежени так сактасак, уткан тарап да, утулган тарап да кыңк эте албайт. Бизде азыр эки тарап бар - биринчи тарап шайлоо өз убагында өтсүн дегендер, экинчи тарап шайлоо үзгүлтүккө учурап, өлкөдө президенттик башкаруу формасы түзүлүп калсын дегендер", - деди ал.
Ошондой эле ал эгер Конституцияны өзгөртүүгө барсак, Түркмөнстандын таз кейпин кийип калаарыбызды эскертти.
"Анда бул жерде турган депутаттар жарым бүгүлүп кол чаап гана жыйын өткөрүп каласыңар", - деди.