Кыргызстанды Башкы прокуратура мындан ары саясий себептер менен кылмыш иштерин козгобойт. Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев билдирди. 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкага кетүү боюнча арызын карашты. Баш прокурорлукка талапкер катары Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. 

"Өткүрбек Жамшитовдун ишин мен жогору баалайм. Ал өз кесибинин адиси. Адис катары ишти жакшы алып кетти, кесибинин принциптерине бек таянды. Бирок саясий жана резонанстуу иштерге кайдыгер карады", - деди Зулушев. 

Ошондой эле ал башпрокурор болуп калса прокуратура менен саясатты аралаштырбай турганын белгиледи. Криминал жана коррупция менен күрөшөөрүн убадалады. Андан улам, мындан ары Башкы прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт.