Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев шайлоо мыйзамдарына байкалаарлык өзгөртүү керектигин белгиледи.
"Биримдиктин" ордуна дагы бир партия келет, бийликчил партиялардын катарын башкалар толуктайт. Шайлоо босого чегин ылдыйлатсак оппозициячыл партиялардын парламентке келүүсүнө жол ачылат. Грузияда чекти азайтышкан, акырында нөл пайыз кылып коюшту. 2-3 адам колдогон партия да парламентке келе алат аларда. А бизде 7 пайыз кылып коюп, жүз миңдеген адамдардын добушу эсепке алынбай калды", - деди Акаев.
Айтымында, саясий кризистен чыгуунун жолу - шайлоо чегин жана күрөөсүн азайтуу.
"Убагында айтканбыз шайлоо чегин жок дегенде 5 пайызга түшүрөлү деп, укпай койгонсуңар. Азыр эми өңүтү келип турат, өзгөртпөсөк шайлоодон кийин чыр дагы башталат. Эл аралык тажрыйбада кризистен чыгуунун жолу ушул", - деген депутат Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум боюнча да жалпы талкуу жүргүзүү керектигин кошумчалады.