Коррупциялык иштерди далилдөө татаал процесс. Муну кыргыздар "Ууру тойгуча жеп өлгүчө карганат"- деп эчак айтып койгон. Коррупциялык иштер боюнча канча адамдар камалып жатат. ТЭЦ. Тарых музейи. Кана, бир адамдын "Чын эле сол чөнтөккө кетип калыптыр"- деп моюндарына алып казынага каражат төгө салышканы. Сапар Исаков деген сары бала "Деги бир тыйын жесем майнеке болоюн. Бул саясий куугунтук"- деп карганып атып 7 күн боштондукка чыкканда эл минбеген жол тандабас минип зуулдап калды эле, эми "Францияга жылт койду"- дешет. Анча каражат кайдан чыкты? Францияны кой Токмокко барыш үчүн ойлоносуң: "Жолго канча каражат кетет"- деп. Мен канча жаздым. "Коррупционерлерди кармалаары менен катуу кысып, ичкен-жегенин төктүрүп, бирок камабаш керек. Камалган коррупционер сотторду, тергөөчүлөрдү, караларды тойгузат. Ошол каражат казынага төгүлгөнү жакшы эмеспи", - деп. Раим "2 миллиард сомду казынага төгүп берейин"- дептир дегенди укканда аны чындап сыйлап калдым. "Сотторду, тергөөчүлөрдү, караларды тойгузгуча каражатты мамлекетке төгөйүн"- деп акылдуулук кылыптыр. Болбосо "Раим кармалды"- дегенде нечен соттор,тергөөчүлөр, каралар кубана башташса керек: "Кудай берди.Бир тойлойбуз",- дешип. Раим ошолордун кекиртектерине дем ала албай калгыча "жашылды" тыгып туруп, апапак болуп акталып чыгып кетиши толук мүмкүн болчу. Антсе мамлекеттин казынасына бир тыйын түшпөй калмак. Көп уурулар ошентип келатышат. Мынчалык ири суммадагы каражат казынага коррупцияга шектелген адамдан кармалаары менен төгүлүшү Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки 30 жылда биринчи жолу болгон көрүнүш. Иштин башталышы жаман эмес. "Ынсапсызга кашык сунса 5 ууртайт" болбой чыдамдуу бололу. Айрымдар түз эле "1 миллиард доллар төксүн"- деп атышат. Раим канча каражат кымырганын бир Кудай, анан өзү билет го, бирок канчаны кымырса да жалгыз эле ала бербесе керек. Өнөктөштөрү менен бөлүштү да.Эми баарын өзү төлөй албайт го. Муну да ойлонолу.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу