Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 258

Депутат Алтынбек Сулайманов "ала Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында ага келген жаштардын талабын эл өкүлдөрүнө жеткирип коюуну туура деп тапты. 

"Жаштар айтып жатат, 5-октябрда эмнеге эл көтөрүлдү? Бир гана шайлоонун жыйынтыгы нааразычылык жаратты. Адилетсиз өткөнү үчүн аянтка чыктык деп. Биздин талап ишке ашты, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бирок андан бери парламент эки жолу спикерди, үч жолу өкмөт башчысын шайладыңар, ал эми шайлоо мыйзамы боюнча үн каткан жоксуңар, дешти. Негизги маселе - шайлоодо кандай кемчиликтер кетти, аны кантип оңдойбуз болбой эле, бири бириңер менен урушуп, жакалашып жатып калдыңар, деп жатышат", - деген депутат жаштардын талабын аткаруу үчүн шайлоо мыйзамына үч өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи. 

"Шайлоо босого чегин 3 пайызга, күрөөнү 1 миллион сомго түшүрүп, форма - 2ни жокко чыгаралы. Болгону ушул. Бул мыйзам долбооруна менден башкаңар деле демилгечи болгула. Парламентке жаш, жаңы партиялар келишсин. Аларды көчөгө таштап коюп, 7 пайыз менен дагы өзүбүз келип алсак, дагы да толкундоолор болбойт деген кепилдик жок", - деди ал.