Депутат Төрөбай Зулпукаров Сооронбай Жээнбековдун күтүүсүз оставкасы сыр бойдон калганын, бирок качандыр бир чындык ачыкка чыгаарын билдирди. 

"Ал элди ойлогону үчүн ушул кадамга барды. Кээ бир чечкиндүү кадамдарга барбастан, антимитинг өткөрүүдөн баш тартып, мамлекеттин келечегин ойлоп, көп нерсени ичинде сыр кылып сактап калды. Ар ким ар кандай кеп айтат, кечээ мактагандар бүгүнтөн баштап ага сын-пикир жаадырышат. Бул туура эмес, эркекчиликке жатпайт. Кандай киши болбосун, сый-урматына жараша чечим кабыл ала билгени үчүн жогору көтөрүшүбүз керек. Убак келет, Сооронбай Жээнбеков кыргыз элинин тарыхында Исхак Разаков сыяктуу инсан катары жазылып калат. Эл эсинде сакталат. 13-14-октябрда болгон Жогорку Кеңештин жыйыны Сооронбай Жээнбековдун түздөн түз аракети менен өтүп, кворум мурдагы өлкө башчысынын жардамы менен болуп, легитимдүү өкмөт башчысын дайындоо ишке ашканын унутпагыла", - деди Төрөбай Зулпукаров.