Депутат Кожобек Рыспаев Сооронбай Жээнбеков жакшы адам болгону менен жакшы президент боло албаганын билдирди. 

"Мен анын жакшы адам экенин танбайм, бирок президент катары берген антын аткара албады. Анын кылган ишине элдин ичи чыкпады. Мамлекеттин эсебинен байыгандар, эл мүлкүн басып алгандар канча төңкөрүш болсо да кумга сиңгендей дайынсыз болушту. Экономика өспөй, кедейчилик көбөйгөнүнөн эл көчөгө чыгып жатат. Сооронбай Жээнбековду ушул абалга тегерек-четиндеги көзүн май баскандар алып келди. Садыр Жапаровго бул чоң сабак болушу керек. Бүт күчүңүздү элге жумшап, кошоматчылардын көзүн тазалап, качып кеткендердин, басып алгандардын мүлкүн элге кайтарып, жегендерди кустурсаңыз, экономиканы өстүрүп, кедейчиликти жойсоңуз эле мындай окуялар кайталанбайт", - деген депутат дүйнө жүзүно мокочо болуп көрүнө бербей, ар бир кадам мыйзам чегинде болушу керектигин кошумчалады.