Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

"Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болууда. Ага 62 депутат катышып жатканы айтылды. Депутаттар күн тартибиндеги биринчи маселе - президенттин Бишкек шаарынын аймагына 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгы добушк коюлуп, бир добуштан кабыл алышты. 

Экинчи маселе - спикерди шайлоо. Мында депутаттар ар бир фракциядан өзүнчө талапкер көрсөтпөй, жалпылап "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевди шайлап алууну сунушташты. 

"Бир-эки ай гана боло турган спикерликке ар кимибиз өзүнчө талапкер чыгарбай эле коелу. Бизди бүт дүйнө карап турат. Ушундай убакта талаш-тартышка барбай, бир добуштан Канат Исаевди колдоп коелу", - деди Садык Шер Нияз. 

Иса Өмүркулов: "Бардык депутаттарыбыздын билими, тажрыйбасы бар. Баары спикер болууга толук жөндөмдүү. Бирок амбициябызды кое туруп, ылдамыраак ушул абалдан чыгып кетиш үчүн Канат Кедейкановичти шайлайлы", - деди.