Урматтуу Владимир Владимирович!

Мен ушу тапта Москва шаарындамын, бул жерде көптөгөн мекендештерим менен жолугуштум. Бул жолугушууда Кыргызстандан Россияга келип, иштеп жаткан эмгек мигранттары өздөрүнүн бир катар кыйынчылыктары жана каалоо-тилектери менен бөлүштү. Мына ошол мекендештеримдин өтүнүчү менен Сизге, стратегиялык жактан өнөктөш, дос мамлекеттин жетекчиси катары кайрылып жатам.

Учурда Кыргызстандын миңдеген жарандары Оренбург областынын Соль-Илецк аймагында, Башкортостан менен чек арада өтө кыйын абалда калып кетишти. Алардын арасында кары-картаңдар, кичинекей балдар бар. Булардын баары пандемиянын айынан жумушунан айрылып, кыйынчылык кырдаалга тушуккандыктан өз мекенине кайтууга аргасыз болушкан. Айрымдарына өз өлкөсүндө медициналык жардам керек болгон. Бир айдай убакыттан бери алар ээн талаада, өз алдынча орнотуп алышкан палаткаларда жашап жатышат. Жеп-ичкенге тамак-аштары түгөндү, жүдөп, чыдамдары кетип, жардамга муктаж болуп турушат.

Ошого байланыштуу, мен Сизден кыйынчылыкка дуушар болгон адамдарыбыздын абалына түшүнүү менен мамиле кылып, тез арада чек араны ачып, өтүп кетүүсүнө жардам берүүнү өтүнөм.

Россия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Быйылкы, 2020-жыл кайчылаш жыл катары кабыла алынган. Анын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтүп жатат, дагы да өтөт. Биздин достук мамилелердин мындан ары дагы бекемделип, түбөлүккө уланаарына ишенем!

Сизге алдын-ала ыраазычылык билдирип, терең урматым менен,

Камчыбек Ташиев,

“Мекенчил” саясий партиясынын лидери