Ошентип, парламентке шайлоонун үгүт-жарнама кампаниясы башталды. Бирибирин каралап, жамандап, чукулашмайлар мурда эле күчөгөн. Мындан ары да күчөй берет окшойт. Бирок, аксакал катары талапкерлерден, аларды сүрөп-жактоочулардан чектен чыкпоолорун, добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын чыгарганда сабырдуу болууларын өтүнөм. Анткени, шайлоо бир айда өтөт. Бир айлык кампания. Ал эми анда атаандаш, ар тарапка жактоочу болгондор эртең эле жүз көрүшөт, бирге иштешет, өмүрлөрү өткөнчө бир шаарда жүрүшөт. Уткан жерде утулгандар да болушат, ал шайлоонун мыйзамы, аны эч ким өзгөртө албайт. Мен шайлоонун бардык процедуралары таза, ачык, калыс болсо деген гана каалоомду айтам.
Айрымдар парламентке дагы коррупциячылдар, мансапкорлор, криминалдар келет дешип санааркашууда. Мунун чындыгы да бар, бирок ашыкча драмалаштыруунун кажети жок. ЖМКлардагы, фейсбуктагыларды карап, талдасак депутаттыкка талапкерлердин арасында таза адамдар, прогрессивдүү, креативдүү жаштар бар экендигин көрөбүз. Башка партиялар сыяктуу бийликке ыктаган партиялар да босоголук чектен өтүүгө - бардык аракетин жасайт, акча да чоң роль ойношу мүмкүн. Бирок, акыркы сөз элде, шайлоочуларда. Элдин гана тандоосуна, каалоосуна жараша болот. Партиялардын жетекчилери, бийликтегилер шайлоонун ачык, таза, тынч өтүүсү үчүн бардык күч аракеттерин жумшоолору керек, ага керт баштары менен жооп беришет.
Мындан туура беш жыл мурда кезектеги парламенттик шайлоого байланыштуу аксакалдык калыстык сөзүмдү айткан экем. Ал актуалдуулугун жоготпогондугуна байланыштуу өзгөртпөстөн назарыңыздарга сунуш кылууну туура көрдүм.
Улуу эл экенибизди унутууга акыбыз жок!
Урматтуу шайлоочулар жана шайлануучулар! Мен көбүңөргө ата катары, дагы бириңерге ага катары, анан дагы Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын төрагасы катары Сиздерге кайрылып, шайлоону таза өткөрүп, адамдыгыбыздан тайбайлы деген насаатымды айтууну милдетим деп сездим.
Баамыма караганда, бул жолку шайлоо өтө күчтүү мүнөздө өткөнү турат. Ошондон улам кандайдыр бир туура эмес иштер турсун, чатак окуялар болуп кетпесе экен деп санаам санга бөлүнөт, жаман абалды жаратпагыла дегенди айткандан жадабайм. Бир катар жерлерде, чогулуштарда, жеке кездешүүлөрдө, мейманда, дегеле кайсыл жерде болбосун шайлоо тынч өтсө экен, тынч өткөзгүлө деп айтып келем, бул ар бир аксакалдын милдети болуш керек. Кийинки муундун кээ бир өкүлдөрү анча деле элес албай келет, ал эми биздин муун кыргыз эли кандай жаралган эл экендигин билебиз, биздей ыймандуу, адамкерчиликтүү, ак көңүл, айкөл эл бу жарыкчылыкта жоктур.
Кийинки муун анча деле элес албайт дегенди балким ашыра айттым, анткен менен кийинки муундун көп өкүлдөрү билимдүү, адамкерчиликтүү болуп өсүп жатат. Кемчиликтер кезиге калганы менен акыр-аягы кыргыз элинин каны жеңип турат эмеспи деген үмүтүм дайыма жашап турат.
Мына, шайлоо кампаниясы башталганына бүгүн бешинчи күн болот. Анын мыйзам менен бекитилген жол –жобосу бар, мына ошону бузбашыбыз керек. Шайлоо учурунда талапкерлердин, партиялардын укуктары тең, “сен жаман, сен жакшы” деген жолду тандабашыбыз керек, региондорго бөлүү дагы кедерги. Татыктууларды тандайлы.
Мурунку шайлоолордо кезиге калчу ушактоо, жамандоо, жалаа жабуу, уруш-мушташ жана башка терс кылыктардын кенедей да кереги жок. Эмне үчүн ошентип тартип бузушубуз керек? Баары мыйзамда жазылып турат. Ошонун негизинде аракетиңди кыл да , добушуңду каалаган партияңа бер. Шайлоочуларга кайрылып, академик агабыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев агабыз айтмакчы, ар кимибиз кыраан кыргыздын жолу менен басканды унутпайлы! Биздин мамлекет көп улуттуу. Биз титулдук улут катары башка улуттарга ар тараптан үлгү болушубуз керек. Ошондо башка улуттар бизди сыйлап турат.Биз болсо, аларды сыйлагандан жазбашыбыз керек.Учурда, кудая тообо дейби, улуттар аралык чыр-чатактар жок, мындан ары да болбошу керек. Бири-бирибизди сыйлап жашагандан башка жолубуз жок. Эгерде парламентке билимдүү, адамкерчиликтүү,элдин камын ойлогон азаматтар келсе, мамлекетибиздин мындан ары өнүгүшүнө мыкты таасирин тийгизет. Эл күткөн парламент келет деп мен дагы ишенем.
Эмесе, урматтуу шайлоочулар, шайлануучулар, таза шайлоо өткөрүү ар бирибиздин таза милдетибиз болсун. Кылымдар бою айтылып келаткандай “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы, алды Улуу эл экенибизди таптакыр эсибизден чыгарбайлы. Кудай баарыбызга агынан берсин! Элибизде тынччылык болсун!
Бектемир Мурзубраимов, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы, академик
Булак: “Майдан. kg” гезити