Күн өткөн сайын көпчүлүк талапкерлердин жүрөгүн дүкүлдөткөн парламенттик шайлоо белгиленген күнгө жакындап баратабыз. Бул жумада улуу, орто жана кичүү муундун өздөрүн мамлекеттин келечегин өзгөртүүгө дараметтүү деп эсептеген өкүлдөрү акыры кайсы бир партиядан жай таап, тизменин кайсы бир сабына илешип, жандары тынды. Анча-мынча кетип коркуткандар болгону менен секиргичтердин аягы тынчыды. Мунусу да түшүнүктүү, шайлоого аз убакыт калганда, кайсы жерден “насип” буйруса ошол жерде калууга туура келет. Эми, мындан ары партияларга багын байлап, тагдырын сынап көрүүгө аттанган улуу-орто-жаш муундун саясатчыларына “түшкөн жериндеги таштай” оор болуусун тилей кетели.

Талапкерлер тандалды

Талапкерлер тизмесин кабыл алуу 24-августтасоңуна чыкты. БШКнын маалыматына караганда, 17 партия талапкерлеринин тизмесин тапшырган. Ошондо: “Актив”, “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка куралдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы”, “Мекен Ынтымагы”, “Ата Мекен”, “Мекенчил”,“Бир Бол”, “Ыйман Нуру”, “Замандаш”, “Чоң казат”, “Реформа”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан” партиялары экинчи этаптан да өтүштү. Эми он күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин көздөн өткөрүп, алардын арасында конституциялык мыйзамдын талаптарына каршы келгендер барбы-жокпу, байкаштырат. А эгер мыйзамга туура келген кылык-жоруктарга же өткөнгө ээ талапкерлер көрүнүп калса, бул тууралуу ошол партияны 24 саат ичинде кабардар кылат. Бирок ушул кезге чейин кайсы бир талапкердин өтмүшүн эл беш колундай билип, парламентти ага ыраа көрбөй турса да, БШК аны байкаган эмес. Бул сапар да “керектүү” партиялардагы керексиз талапкерлер электен тоскоолдуксуз өтүп кетсе керек.

“Шашкан” шайтандын иши...

“Кыргызстан” партиясы накта кыргызчылыгын көрсөттү. Талапкерлерди тактаганга берилген этектей убакыт аз кылган өңдөнөт, документтерди кабыл алууга саналуу мүнөттөр калганда шашкалактап барышкан экен, жетишпей калышыптыр. Канат Исаев алар документтерди өз убагында тапшырышканын айтса, БШК тизмеси кечигип келгенин белгилеп, бир ызы-чуу болуп алышты. Айрым маалыматтарда партия талапкерлерин 75ке жеткире албай, “резервинде” болгону 50 адам болгондуктан калган 25 орунга кимди жазаарын билбей, кечигип калганы айтылып жатат. А бирок Канат Исаев мындай маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Партия мүчөлөрүнүн арасында тизме боюнча пикир келишпестик болгонун моюнга алып, бирок ал жөнгө салынганын, а документ болсо БШКга убагында жеткирилгенин белгиледи.

Талапкер болбосо акча да жок

“Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Тартип-Порядок” жана “Нур” талапкерлеринин тизмесин тапшырган жок. “Актив” партиясы шайлоо күрөөсүнө беш миллион сом которо албады. Ошентип отуруп, жарыштан бир топ партия четтеди. Калганы шайлоо күрөөсүн төгүү мөөнөтүнөн кийин иргелишет. Катышам деп жар салуу башка, ал эми аны ишке ашырып, талапкерди да таап, акчаны да камдап берүү кыйын иш экени жыбыраган партияларга жетпей койду. Ар бир шайлоодо алгач жүрөктү түшүрүп кокту-колоттон толгон-токой партиялар чыга келет, анан барып баары баштарын коңулга катат...

Бейөкмөтчүлөр кайрымдуулукка муктаж

“Реформа” партиясы элден чогулткан акчасы менен эл өкүлү болууга мүмкүнчүлүк алды. Эл өкүлү болуу үчүн добуш да алуу керек дечи, бирок эсебине аз убакыттын ичинде эл беш миллион сомду которуп койгонуна караганда, бери дегенде эки-үч миллион тарапташтары бар окшойт. Партиянын жетекчиси Рита Карасартова мамлекетти оңдоого, алдыга жылдырууга каалоолору күч экенин, бирок кендирди кескен каражат көйгөйү колу-буттарын тушап жатканын айтып, соцтармактын колдонуучуларына арызданган. Аны менен катар эсебин көрсөтүп, алардын идеясын колдогондор болсо акча которуусун өтүнгөн. “Силер өкүнбөгүдөй эл өкүлү болобуз”- деген убадасын берүүнү да унутпаган. 24-августта партиянын эсебине беш миллиондон бир аз ашык сом которулганын, дагы да эл акча салып жатканын жар салды. Саясатта жүргөндөр же кошулууну каалагандар элди ушунчалык келесоо ойлойбу, билбейсиң. “Реформанын” катарындагы бейөкмөтчү уюмдардын өкүлү экени белгилүү, каражат кайдан кайкып учуп келе жатканын жашыруу максатында элден жардам сурамай ыкмасы табылыптыр. Пандемия, узакка созулган карантин, саясаттан жедеп чарчаган, кооз сүйлөгөндөрдү көргөндө аллергияга чалдыккан, өнүктүрөм, гүлдөтөм деген убаданы уккан жерден безе качып калган эл.. саясат үчүн беш миллион турмак беш сом аянычтуу акыбалда эмеспи...

“Бүтүн Кыргызстан” бүтүн болбой калды

Талапкерлер тизмеси БШКга тапшырылаарына аз калганда “Бүтүн Кыргызстандан” жылан чыккандай эле эки бутун колуна кармап алып чыга качкандар көбөйдү. Биринчи Темир Сариев кетти. Ал кеткенинин себебин “күнөө өзүмдө” деп түшүндүрдү. Антпесе да болбой калды, саясатчы буга чейин “Ата Мекен” менен да биригүүгө барып, бирок көпкө узабай чыгып кеткен. Эми Мадумаров менен да оту күйүшпөдү. Анын артынан жаш муундун өкүлү Чыңгыз Капаров кетти. Экөө кетти деп эсептегиче болбой мурдагы депутат Абдыманап Кутуев жана учурдагы депутат Мурадыл Мадеминов да куйругун түйдү.

Булардын баары парламенттик шайлоосуз эле күн өткөрөбүз дешти. Анан эмне кылышсын, туура эмес туурду тандап алыштыбы же өздөрү айтмакчы күнөө кетирип коюштубу, шайлоого жакындап, башка тандоо мүмкүнчүлүгү жок калганда ара жолдо калышты.

Гүлзар Турдуева, “Майдан. kg” гезити