Өзгөчө социалдык тармактарда анын чыныгы генерал экенин, тайманбастыгын ар кандай аспектиде кеп кылып да келишет. Чындыгында эле ошондойдур. Ага каршы кылмыш иши козголгондо Кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү Курсан Асанов тарабында болду. Мындай таза адамдар баардык жагынан таза болуш керек. Эч кандай сөз да ээрчибеши зарыл. Мындай айтканыбыздын себеби, кийинки учурда Атамбаевди колго түшүрүп жатканда алып чыккан баштыктын айланасында ызы-чуу кайрадан күчөп кетти. Негизги койулган суроолорду жалпылаштырсак, аларды төмөнкү топторго бөлсөк болчудай. Биринчи: Ошол баштыктын ичинде чындыгында эмне бар болчу? Анткени бул тууралуу ар кандай жоромолдор айтылып кетти.

Экинчиси: Кимге багытталган жана ал адресатка жеттиби?Үчүнчүсү: Коомчулукту дүрбөткөн жагдай болууда. Анткени Курсан Асановдун уулу ошол баштыкты көтөрүп алып Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн айланып жүргөндүгүн камераларга түшүп калгандыгы айтылууда. Ошондон улам коомчулуктун тайманбас генералга кое турган суроосу бирөө эле. Ар бир кылган иш-аракетиңди жана кадамдарыңды длилде. Өткөн жылдын эң негизги окуясы болгон экс-президент Атамбаевдин камакка алынган күндүн тегерегиндеги маселелерди Курсан Асанов ачыкташы зарыл болауп турат. Болбосо элдик генералдын беделине доо кетээри турган иш. Биздин аргумент. кж сайты Курсан Асановдон сырты жөнөкөй, бирок негизи татаал суроолорго жооп күтөт.

Булак: ARGUMENT.KG