Депутаттар Жанар Акаев менен Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен спикер Дастан Жумабековго кайрылышты.
"Учурдагы эпидемиологиялык абал, пневмония дарты күч алган кырдаалга парламент кийлигишиши керек. Буга чейинки жыйындарда илдеттин жайылуусунун алдын алуу боюнча өкмөттүн жасап жаткан иши боюнча маалыматтарды укканбыз. Бирок өкмөт бизге берген маалыматтары жалган болуп чыкты. Өз көзүбүз менен көрүп жатабыз, кычкылтек концентраторлору, ИВЛ аппараттары, ал гана эмес дары-дармектер жетишсиз болууда", - деди Жанар Акаев.
Депутаттын айтымында, кырдаалдан чыгууга өкмөттүн антикризистик планы депутаттарга көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан парламенттин кезексиз жыйынында бул маселе да каралышы зарыл.