Ө.Бабанов ушу тапта аэропортто аны тосуп алуу үчүн келген 200дөй колдоочулары менен жолугушууда. Өз сөзүндө саясатчы аларды сабырдуулукка чакырып, мыйзамду бузбоого үндөдү.
Ө.Бабановдун үстүнөн эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси, президенттикке талапкер катары Оштогу “Амир-Тимур” кичи районунда эл менен жолугушууда улут аралык кастыкты козуткан сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн. Экинчиси, Бабанов бийиликти күч менен тартып алууга, массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген.
Ө.Бабановду күч органдарынан эч ким жолун тороп, тоскон жок...