Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 608

 

Карапайым элге саясый оюндардын кереги жок. Эл бир гана нерсени каалайт – өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болсо болгону. Ансыз деле буга чейинки эки ирет күч менен бийликтин алмашышы, анын бири кан төгүлүү менен коштолушу канча кайгыны, башаламан башкарууларды алып келди. Элдин турмушу артка кетти, канча деген ишкерлер чоң зыянга учурашты. Кыскасы, бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына байланган оюндар кандай кесепеттерди алып келээрин баарыбыз жакшы билебиз. Ал сабак болбогондой, баягы эле жеке кызыкчылыгын мамлекеттен бийик койгондор кайрадан тымызын жүрүштөрүн баштап, алдыдагы күндөрдө элдин тынч жашоосуна кол салууга камданып жатышканы маалым. Акыркы кездери жалпыга маалымдоо каражаттарында саясатчылардын кайым айтышуусу көбөйүп, элдин бүйүрүн кызытып жатканы буга далил. Бирок, жогоруда бир ууч топтун өз пайдасын ойлогон оюну кандай кесепеттерди алып келээрин белгилегендей, кырдаалды курчуткусу келген күчтөргө катуу чара көрүлсө, аны жалпы калк колдоого алаары бышык. Ошондо, кырдаалды курчуткусу келген күчтөр кайсылар?

 

Биринчиси, абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев. Ал мамлекет башчыдан ырайым сурап абактан чыгууну каалабайт. Акталып чыккысы келген. Ошондуктан, канча убактан бери ишин кайра жиберүүгө далалат кылып, ырайым сурагандан баш тартып келүүдө. Анын коррупциялык иштерге катышы бардыгы далилденген, пара алганы анык. Анан аны кантип президент актап жибермек эле? Колу булгангандардын орду кайсы жерде болоору белгилүү да. Ага болбой эле догурунган Текебаев жылчыктан да жол таап, иши кылса акталып чыгуу аракетин көрөт. Ал турмак максатына жетиш үчүн өзүн темир тор артына жөнөткөн Атамбаев менен деле кошулуп кетүүгө даяр. “Ата Мекен” партиясы 23-апрелде митингге чыгууну пландашканы белгилүү. Эмнеге 23-апрель деген суроо туулат. Анткени, кексе саясатчы 23-апрелге чейин өлкөнү бир катар саясий кырдаал кучагына алаарын билген. Ага чейин көчөгө чыккан элдин катары калыңдаарын, так ошол учурда партиянын митингге чыгышы көпчүлүккө кошулуп кетээрин алдын ала божомолдой алган. 

 

Дагы бир саясатчы, бир жарым жыл мурда өлкөдөн чыгып кетип, саясатка такыр кайтпайм деп жарыялаган Өмүрбек Бабанов бир катар катуу билдирүүлөрдү жасап жатат. Кыргызстанга келээр күнүн, саатына чейин ачык айтты. Анын тарапташтары анын келишине он миңге жакын адам чогултууга шымалана киришишти. Экс-депутатты абамайдандан эки миңдей адам тосуп ала турган болду. Анан өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген адамдар Бабановдун келишин аянтта ураалап кубатташмак болушту. Бир жарым жылдык “сүргүнүнөн” өлкөнү солк эттирип келчүдөй Бабанов күчтүү фигурабы? Кадимки эле кылмыш жоопкерчилигинен качып сыртка башын куткарып чыгып кеткен шектүү эмеспи. Бул жерде айтпаса да он миң адам саясатчыны колдогону үчүн эмес, анын акчасы керек болгондуктан чыгаары белгилүү эмеспи. Башында бир күндүн ичинде чет өлкөгө чыга качкан адам эми кантип баатыр болуп кайтып келатат? Билдирүүлөрү да күчтүү. Ким ага дух берүүдө? Ал Россиянын бийлигинин тегерегиндеги кайсы бир күчтөр менен сүйлөшүп, кепилдик, колдоо алганы билинип турат. Ошондой эле, Атамбаев менен да кызматташат. Бул кызматташуу ар кимдин өз кызыкчылыгын ойлоосу менен коштолот. Бабанов кайсы бир максатын Атамбаев аркылуу ишке ашыргысы келет, Атамбаев да Бабановду жакшы көргөнү үчүн биригүүнү көксөп жаткан жок. Иши кылса, саясый оюндары элге зыянын тийгизбесин. Эки-үч саясатчынын кызыкчылыгы жалпы элдин тынчтыгынын алдында шоона эшпейт.