Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Павел Десятниковдун ыйгарым укуктары токтотулганын билдирди. Бул тууралуу аталган шайлоо комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Маалыматка караганда, Десятников ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен азыр жазган.
Эске салсак, анын кош жарандуулугу бар тууралуу маалымат интернетке тараган болчу. Андагы маалыматтарга ишенсек, Десятников Кыргызстан менен катар Россиянын да жараны болуп саналат.