Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеген делегация Астана шаарында өткөн ЖККУнун тышкы иштер министерлеринин жыйынына катышты.
Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жыйындын катышуучуларына Кыргызстан ЖККУнун эмдиги сессияларында төрагалык кылаарын айтып, ошондо өлкөнүн артыкчылыктуу негизги багыттары жөнүндө дагы кыскача билдирүү жасады.
Ошентип, Кыргызстан төрагалык кылган ЖККУнун сессияларында мыйзамсыз миграция, ЖККУнун мүчөлөрүнүн саясий жана аскердик алакасын мындан ары өркүндөтүү, Уюмдун каржы-экономикалык жана укуктук ишмердүүлүгүн дагы өркүндөтүү өңдөнгөн маселелер тыкыр каралмакчы.