"Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең" курултайынын уюштуруучулары президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында белгилүү болду.

 

"Президент ММК жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен үч ааттык жолугушуу өткөргөнүн билебиз. Курултайда болсо саясий партиялар менен коомдук ишмерлер чогулушат. Президент өлкөнүн саясий күчтөрү менен жолугушуудан баш тартпаса керек деп ойлойм", - дейт уюштуруу комитетинин мүчөсү Айбек Бусурманкулов.  

 

Ал эми Атамбаев боюнча, анда азырынча жооп алыша электигин айтты. Равшан Жээнбеков сүйлөшү, КСДПдан өкүл келээрине ишендирген.  А Атамаевдин келер - келбеси анык эмес.