“Замандаш” саясий партиясы багытын өзгөртүп, жаңы программанын алкагында иш алып бараарын жар салышканын угуп, биз да ал партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматовду кепке тарттык.

 

- Жеңиш мырза, “Замандаш” саясий партиясы багытын кандай нукка буруп, кандай программа кабыл алды?

 

- Биздин программада белгиленип кеткендей, “Замандаш” саясий партиясы багытын “Келечек 4.0” программасынын алкагында инновациялык экономикага басым жасоого бурдук. Эмне үчүн программаны ушундай деп атадык? Анткени, программанын негизги концепциясы, өнүккөн өлкөлөрдөй өнүгүү үчүн, алардын үлгүсүндө мезгилден бир канча кадам алдыда болушу керек деп ойлодук. Дүйнөлүк тенденцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, биз “Индустрия 4.0” төртүнчү өнөр-жай революциясынын негизги аспектерин колго алдык. Биздин программанын концепциясын экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Пол Майкл Ромердин иштери тастыктап турат. Ал билим, инновация жана адамдык капиталга инвестициялоо - туруктуу экономикалык өсүштүн негизги факторлору экенин далилдеди. Экономикалык саясат аркылуу инновацияны өнүктүрүүнү сунуштады.

 

- Партия баштагыдай таасирдүү болуп, парламентке баруунун аракетин көрөбү?

 

- Негизи ар бир партиянын программасы болот эмеспи. Бирок бул санаалу гана партияларда бар. Элибизге программаны тааныштырып коюп эле туруп калбайбыз. Биз бул программаны коомчулукка сунуштаганыбыздын себептери бар. Дагы да  болсо биз сунуштаган жети багыттын негизинде иш жүргүзүүнү тез  баштоого далалат кылып жатабыз. Буюрса, 2020-жылга чейин дагы көптөгөн иштер аркылуу, бул программанын коомубузга кандай керек экенин далилдеп, жалпы журтубузду кабардар кылабыз.

 

- “Замандаш” саясий партиясы дагы деле элдин түйшүгүн жеңилдетип, карапайым адамдарга кол сунабы?

 

- Негизи эле, бизге кайрылгандардын саны абдан көп. Колдон келген жардамыбызды аянбай берүүдөбүз. Биз алдын ала тизме түзүп, кезек-кезек менен жардам берип турабыз. Мисалы, “жүк 200” боюнча канчалаган адамдарга кол кабыш кылып, кайрымдуулук иштерин токтотпой кылып келүүдөбүз. Биз жардам берген иштерди атайын коомчулукка жарыялабайбыз. Кыйналып отурган кишини кайра сүрөткө тартып, коомчулукка жарыялоо өзү туура эмес деп билебиз. Кээ бир оорчундуу, опурталдуу иштерди гана ММК аркылуу жарыялайбыз. Анткени, жакшы иштерге атаандаш бололу деген гана ойдо.

 

- Кокус бийлик кызматташууга даяр экенин билгизсе, кызмат үчүн алган багытыңардан тайбайсыңарбы?

 

- Биздин партия бийликке барбай эле көптөгөн иштерди кылып келе жатабыз. Бийликке жеткен күндө деле ушул эле багытта иш алып барабыз. Биздин партия элдик партия, биз бийиктикке эл менен бирге жетебиз. Келечекти замандаштар менен бирге курабыз!

 

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити