Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 158

 

 

Президенттик шайлоодо арам акчалар пайдаланылганбы?

 

- Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталып жатат. Бул провокациябы же чындыктын үлүшү барбы?

 

 

- Сооронбай Шарипович Икрам болбосо деле башкаруучу партия көрсөтүп жаткан соң өтөөрүнө ишенич бар эле да. Ал эми Икрам болсо убагында элдин баарын калчылдаткан саясий фигура эмес беле. Эми башына күн түшкөндө баары жүз буруп жатышат. Кошо отуруп чай ичкенине ыраазы болгондор бүгүн “Икрам ит болчу” дешет. Икрам болсо сууга чөгүп бара жаткан кишини элестетет. Президенттин атын айтса чоң бутакка илинип калчуудай болуп. Бийликтин укуругу узун да. Улам бир факт алып чыгып сурай берет да. Карта ойногондой азырынча майдалар, анан сүрөттөр, анан көзүрлөрүн чыгарат. Ошондуктан Икрам баарыбызга сабак. Мамлекеттик машинанын алдында канча балбан болсоң да сынасың. Ошондуктан таза иштеши керек. Ар бир аткаминерлер!!!

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити