Президенттик шайлоодо арам акчалар пайдаланылганбы?
- Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталып жатат. Бул провокациябы же чындыктын үлүшү барбы?
- Илмияновдун маселесинде бир чоң саясий сыр бардай туюлуп жатат. Эң маанилүүсү - бул эки “достун” тиреши күч алгандан күч алып, бул жигитти эки тарап тең “курал” катары бири-бирине шантаж иретинде колдонуп жаткандай сезилет... Эгер тергөө көз карандысыз, бийликтин заказын укпай, мыйзамдын тили менен иш кылса, чындык чыкмак. Тилекке каршы, биздин мамлекетте күч түзүмдөрү, анын ичинде тергөө органдары өздөрү коррупциялашып кеткен. Ошон үчүн сыр бардай сезилет.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити